Uncategorized

Кыргызстан жаштары Президенттин «Жашыл Мурас» улуттук долбоорун колдойт

Март айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, «Тоо экосистемасын жана климаттык туруктуулукту сактоо» жөнүндөгү жарлыгынын алкагында Кыргызстандын бардык аймагында «Жашыл Мурас» улуттук компаниясын ишке киргизди.

Аталган долбоордун негизги максаты – бак-дарак отургузуу аркылуу тоо токойлорубузду сактап калуу болуп эсептелинет.«Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук уюмунун (КСЖЭҮ) демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин астындагы Токой кызматы жана Кыргызстандын бардык аймагындагы ыктыярчы жаштардын катышуусунда 7 дубанда бак-дарак отургузуу иш-чаралары өтөөрү пландалууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпы демилгелүү жаштардын сунуш-пикирлерин колдойт жана анын ишке ашуусуна болгон күч аракетин жумшайт.

Бул демилгени колго алып, толук кандуу ишке ашуусуна көмөк көрсөтүп жаткан ар бир жигердүү жаштарга, Айыл чарба министрлигинин астындагы Токой кызматына жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна жана БУУнун өнүктүрүү программасына терең ыраазычылык билдиребиз.