Image default
Жаңылыктар

Кыргызстанда алгачкы жолу түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өз ишин баштады

Кыргызстанда алгачкы жолу түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өз ишин баштады.
Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон – Ата шаарында эл аралык түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиуму башталды.
Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышуусунда ачылып, анда Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан салттуу музыка искусствосун изилдөөчүлөрүн башын бириктирген мындай демилге, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн музыка изилдөөчүлөрүн бир аянтчага чогултуп, тарыхый иш – чара катары алгачкы кадамын таштагандыгы баса белгиленди.
Иш- чаранын ачылышында келген катышуучулар, мындай эл аралык деңгээлдеги өнөр адамдары менен илимпоздордун башын кошкон сипозиумдун маанилүүлүгүн, анын ролун жана ордун баса белгилешип, аны өткөрүүгө мамлекет тарабынан колдоого алынышы, салттуу музыка өнөрүн өркүндөтүүгө кошкон баа жеткис салым жана анын илимий жактан изилденишине маани берилиши келечектен чоң үмүт артаарын айтышып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
ICTM изилдөө тобунун ⅤⅢ Симпозиуму илимпоздордун, музыканттардын жана аткаруучулук, окутуучулук ишмердүүлүк менен алектенген искусство ишмерлеринин ортосундагы диалогго мүмкүнчүлүк берет. Симпозиумдун программасында презентациялар, талкуулар (тегерек столдор), концерттер, семинарлар каралган.
Иш- чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Комуз күнү жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашырылып, түрк тилдүү элдердин музыкалык салттарын изилдөө, сактоо жана жайылтуу боюнча илимий- изилдөө иштеринин жалпы багыттарын иштеп чыгуу, салтуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдүн чыгармачыл байланыштарын бекемдөө жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр ээлерин коомчулукка таанытуу максатын көздөп жатат.
Симпозиумга Кыргызстан, Казахстан, Италия, Венгрия, Финландия, Австрия, Япония, Нидерланды, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстан, ж.б. мамлекеттен келген илимпоздор, салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчүлөрү оффлайн жана онлайн катышууда.
Эске салсак, иш- чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалдымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин алдында “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана А. Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий институту менен биргеликте өтүп, Эл аралык Евразия институту тарабынан колдоого алынды.
Возможно, это изображение 9 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 7 человек и люди сидят
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят и люди стоят
Возможно, это изображение 9 человек и люди стоят
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят и люди стоятВозможно, это изображение 4 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 5 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 1 человек, сидит и в помещении
Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят и гора
Возможно, это изображение 1 человек и сидит
Возможно, это изображение 8 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 5 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 3 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 2 человека
Возможно, это художественное изображение (на открытом воздухе)
Возможно, это художественное изображение (дерево и на открытом воздухе)
Возможно, это изображение 14 человек и люди стоят