Image default
Жанылыктар

Кыргызстанда музей системасын өнүктүрүү боюнча иштер активдүү жүрүүдө

Кыргызстанда музей системасын өнүктүрүү боюнча иштер активдүү жүрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги отчёттук мезгил ичинде бар катар ченемдик документтерди иштеп чыкты. Ал тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында, “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан М. Ауэзов атындагы китепкана-музей имаратын жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттин менчигине өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.
Ошондой эле, музей тармагы долбоордук жана инновациялык ишмердүүлүк боюнча бир катар иштерди алып барууда. Алсак, Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борбору тарабынан “Кыргыз Республикасында санариптик маданий ресурстарды башкаруу системасын иштеп чыгуу жана маданий контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү” долбоору ишке ашууда. Бул борбор менен кызматташуунун алкагында 3 миллиард вонго (KRW 3,000,000,000) жакын гранттык бөлүнүүдө, бул болжол менен 2,5 миллион АКШ доллары жана 4 жылга эсептелген. Учурда долбоорду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук тарыхый музейинде, Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жана Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизации борборунда иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
АКШ Элчиликтин Маданий мурастарды сактоо фондунун колдоосу менен XI кылымдын эстелиги жана 2014-жылдан бери ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Бурана мунарасын адамдын иш-аракетинен жана климаттык шарттардан улам бузулуудан сактап калуу долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейине донорлор аркылуу керектүү инвентарлар алынды.
Ал эми, Жети-Өгүз райондук К. Жетимишбаев атындагы тарых-таануу музейдин конференция залына Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан эмеректер алынып андан сырткары 1,6 млн сомго музейдин имараттын оңдо иштерине долбоор жазылып, тендер өткөрүлдү. Жакынкы арада оңдоо иштери башталат.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарын же музей коллекцияларын консервациялоону жана реставрациялоо иштерин Кыргыз Республикасынын Улуттук тарыхый музейинде, Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жана Сулайман-Тоо комплексинде жарым-жартылай жүргүзүлөт. Отчёттук мезгилде жалпы 370 экспонат реставрациядан өткөрүлдү.