Image default
Жаңылыктар

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынан келди

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынан келди
Бүгүн, 17сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданы тосуп алуу иш-чарасы өттү.
Курма команданы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчудардын жакындары жана күйөрмандары тозуп алышты.
Белгилей кетсек, учурдагы кырдаалдан улам атайын тозуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.