Image default
Жанылыктар

Кыргызстандын маданият күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтөт

Кыргызстандын маданият күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтөт.
2022- жылдын 26-29-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтөт.
Программага ылайык, 26-29—октябрга чейин «Кыргыз киносунун күндөрү», 26-октябрда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган «Тегерек стол» жана кыргыз- казак элинин эл артистери, эл сүрөтчүлөрү, эл акын-жазуучулары, кино ишмерлери, илимдин докторлору, академик, коомдук ишмерлеринин жолугушуусу өтөт.
27- октябрда Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына карата Кыргызстандын искусство чеберлеринин гала-концерти өтүп, театр фойесинде Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү орун алат.
Мындан сырткары, 28-октябрда “Манас” эпосуна арналган иш- чара жана Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик «Ак марал» бий ансамблинин жана Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерттери болот.
Ал эми, жыйынтыктоочу 29-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу жабылышы өтүп, анда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын «Саманчынын жолу» спектакли коюулат.
Кыргызстандын маданият күндөрүнүн делегациясын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жетектеп барат.
Кыргызстандан бул маданий саамалыкка 300дөн ашуун адам баруусу күтүлүүдө.
Анда СССРдин эл артисти Самара Токтакунова баштаган эл артистери, эл сүрөтчүлөрү, эл акын-жазуучулары, кино ишмерлери, илимдин докторлору, коомдук ишмерлерден турган интелегенция өкүлдөрү, Токтоболот Абдымомунов атындыгы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын камералык хору, Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик «Ак марал» бий ансамбли, Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри, Асанкан Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри, Улуттук “Манас” театры, Кыргыз Республикасынын жазуучулар, сүрөтчүлөр жана кинематографисттер союзу, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, “Акак” комузчулар ансамбли, кол өнөрчү- дизайнерлер жана режиссердук коючу топтун өкүлдөрү бармакчы.
Учурда Кыргызстандын чыгармачылык тобу коңшу казак элине кыргыз маданиятынын эң мыкты үлгүлөрүн көрсөтүү үчүн даярданып жатат. Негизги чыгармачылык топ 2022- жылдын 25- октябрь күнү Астана шаарына сапар алат.
Эске салсак, 2021- жылдын 2-3-мартында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, паритеттик негизде Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашуулар болгон.
Буга ылайык, Казакстан Республикасынын маданият күндөрү Кыргызстанда 2021-жылы 7-9-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн.