Image default
Жанылыктар

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары этностор аралык мамилелер жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү макулдашышты

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары этностор аралык мамилелер жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү макулдашышты.
2022-жылдын 30-сентябрында Гаага шаарында (Нидерланды) “Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) аймагында көп түрдүүлүктү башкаруудагы интеграция чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу” аттуу тегерек столунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу менен ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахмановдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибинин кеңири тармакчаларын, анын ичинде коомдук биримдикти чыңдоо, этникалык саясатты илгерилетүү жана этностор аралык кырдаалга мониторинг жүргүзүү темаларын талкуулашты.
Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө Кыргыз жараны концепциясы коомдук биримдикти чыңдоо боюнча бириктирүүчү идея экендигин жана анын маанилүүлүгүн белгиледи. Жогорку комиссар Кайрат Абдрахманов жооп иретинде өлкөнүн мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы алгылыктуу аракеттерин кубаттап, улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссар Концепцияны мандатка ылайык ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар уюмдардын жоопкерчилиги жаатында этностор аралык мамилелер тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү макулдашышты.