Image default
Жаңылыктар

Алтынбек Максутов Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту

2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту.

Элчи мырза Алтынбек Максутовду  министр болуп дайындалышы менен куттуктап, жоопту ишине ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, ал  кыргыз жана азербайжан элдеринин маданий жана цивилизациялык мурастарынын окшоштуктарын жана жалпылыгын баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелерди эки тараптуу жана  түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген уюмдардын алкагында да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Андан соң,  тараптар 2023- жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл болоорун, андыктан 30 жылдыкка карата эки өлкө ортосунда маданий иш-чараларды биргеликте өткөрүү боюнча сүйлөшүштү.

Элчи Латиф Гандилов министр Алтынбек Максутовго маданият тармагына тиешелүү Азарбайжандын 2023- жылга карата Кыргызстанда өтүүчү бир катар иш-чаралардын планын сунуштады.

Министр элчи мырзага айтылган сунуштары үчүн ыраазычылык билдирүү менен дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде, министр  2023-жыл эки өлкө ортосунда тыгыз кызматташтыктын жылы болоруна ишенээрин, эки тараптуу  маданият күндөрүн өткөрүү, Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу сыяктуу иш-чараларды уюштуруу пландаштырылып жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында  тараптар Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө максатында маданият тармагында жемиштүү кызматташууну уланта турганын баса белгилешти.