Image default
Вакансия Жаңылыктар

М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялайт

Бүгүн акыркы күн
____________________
М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы №278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык музыкалык окуу жайдын директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.
Тиешелүү документтер:
 М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын өнүктүрүү программасы;
 резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
 автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
 кадрларды эсепке алуу баракчасы;
 нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
 нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
 илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
 паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2022-жылдын 29-августуна чейин тапшырылууга тийиш. (саат 18:00)
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №108 кабинет (саат 9.00дөн 18.00 гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662683.
Талаптарга жооп берген катышуучулар аңгемелешүүгө чакырылат.