Image default
Жанылыктар

Маданият кызматкерлеринин эмгек акыларынын көтөрүлүшү боюнча маалымат

Маданият кызматкерлеринин эмгек акыларынын көтөрүлүшү боюнча маалымат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде маданият, маалымат жана спорт тармагында эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасын 2022-жылдын 1-апрелинен тартып 50 пайыздан 100 пайызга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181-токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 185-токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 180-токтому менен көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы министрликтин карамагындагы 456 мекеменин, тактап айтканда 19 425 кызматкердин айлык маянасы жогорулады. Мындан тышкары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы маданий мекемелердеги кызматкерлердин айлык маянасы да көтөрүлдү.
Бул токтомдордун негизинде 2022-жылга бюджеттен кошумча 2 млрд. 100 млн. (эки миллиард жүз миллион) сом талап кылынды, анын ичинен:
– 1 млрд. 176 млн. республикалык бюджеттен каржылануучу маданий мекемелери үчүн;
– 422 млн 279 миң сом маданият тармагында билим берүү мекемелери үчүн;
– 400 млн 871,1 миң сом жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан каржылануучу маданий мекемелер үчүн.
Ошондой эле экинчи токтом менен “ЭлТР” МТРК, “Мир” МТРК, “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин, “Манас жана Ч.Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин, Улуттук маданий борбордун, Китеп палатасынын жана башка мекемелердин кызматтык маяналары 50 пайызга көтөрүлдү. Бул токтом үчүн бюджеттен кошумча 102 млн. 223 миң сом талап кылынды.
Жогоруда аталган чечимдин негизинде апрель жана май айлары үчүн маданият, маалымат жана спорт кызматкерлери толук көтөрүлгөн эмгек акы алышты.
Ведомстволук мекемелерде өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн эмгек акы төлөө фондунун чегинде жалпы эмгек акы фондунун 30 пайызына чейинки өлчөмдө кээ бир министрликтин тармагындагы мекемелерге коюлуп, төлөө тартибин аныктоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесинин аткаруу максатында Баткен облусунда жайгашкан 127 маданий мекемелер 2022-жылдын 1-январынан тартып министрликтин карамагына өтүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Ошондой эле, маданий тармагындагы мекемелердей эле жаңы өткөн 127 мекеменин кызматкерлери ушул жылдын апрель айынан тартып көбөйгөн айлык акы алып келүүдө.
“Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасына өтүү үчүн министрликтин карамагындагы 40 районго компьютерлер жана тиешелүү жабдыктар алынды.
Ошондой эле, Лейлек райондук маданият үйүнүн имаратын оңдоп-түзөө үчүн 2 млн. сом каралып, бүгүнкү күндө маданият үйүнүн оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу кошумчалады Чыңгыз Эсенгул уулу.