Image default
Жаңылыктар Новости

Министерство культуры наградило ряд деятелей культуры

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйынтыктап, министр Алтынбек Максутов өлкө боюнча маданият тармагында эмгектенген бир катар кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлык ээлерин министр Алтынбек Максутов куттуктап, “Сиздер маданий мурасты кеңири жайылтып, жаратмандык эмгегиңиздер, талантыңыздар менен элге кызмат кылып келесиздер. Мындан ары дагы сиңирген эмгегиңиздердин акыбети кайтсын. Сиздерге чыгармачылык бийиктиктерди, түгөнбөс эргүү каалайм”-деген тилегин билдирди.
Сыйлык алгандардын арасында Абдылас Малдыбаев атындагы республикалык сыйлык А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунун жогорку категориядагы артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тилек Суракматова да бар.