Image default
Жаңылыктар

Маданият министрлиги коомчулукка жаштар саясаты тармагы боюнча отчёт берди

Бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Жаштар саясаты багыты боюнча 2021-2022 жылдарга карата отчёттук иш -чара өткөрдү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, интеллигенция чөйрөсү, жигердүү жаштар ж.б. катышты.
Иш-чараны министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов ачып, мындай иш-чаралар жаштардын руханий, интеллектуалдык, идеологиялык маданиятын өркүндөтүүгө көмөкчү болорун белгилеп, сөздү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловго берди.
Эдиль Байсалов өз сөзүндө, жаштардын энергиясын жана оптимизмин колдонуу менен, коом дайыма өнүгүүнүн үстүндө болоорун, мамлекеттик жаштар саясаты биринчи кезекте жаштар үчүн мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнүн негизги ресурсу катары кызмат кылып, саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жаштардын демилгелерин колдоого, дени сак жашоо образын тузүүгө, ата-бабалардын мурастарына, айлана-чөйрө менен өз ара аракеттенүүсүнө жана өзүнүн чечимдерине жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталышы зарылдыгын билдирди.
Андан соң, министрликтин жаштар саясаты багыты боюнча орун басары Союзбек Надырбеков 2021-2022 жылдарга карата отчётун жана 2023- жылга мерчемделген приоритеттүү багыттар боюнча кенен маалымат берди.
“Өлкөбүздүн басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Элдин эртеңи гана эмес бүгүнкүсү дагы жаштар. Жаңы идеялардын, жигердүү толкундардын, дымактуу демилгелердин, оргуган ойлордун очогу болгон жаштар аянтчасы жаңы кадам таштап соңку жылдагы ийгиликтерин бөлүшүү менен келечекке болгон креативдүү көз караштарына карата багытын көрсөтсөк дедик. ”-деди ал.
Иш- чаранын алкагында жаңыдан иштелип чыккан жаштар порталынын презентациясы, “Келечек” жаштар платформасынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар, “Жаштардын өнүгүү жана бакубатчылык индекси” улуттук изилдөөсү жана ыктыярчылар тууралуу маалыматтар берилди.
Жаштар саясаты-жаштардын өз жөндөмдүүлүгүн ишке ашыруу, анын потенциалын өнүктүрүү үчүн укуктук, экономилык, социалдык, уюштуруучулук ж.б. шарттарды түзүүгө арналган мамлекеттин ишинин багытталган системасы.