Image default
Жанылыктар

Маданият министрлиги коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу үчүн тегерек столго чакырат

Маданият министрлиги коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу үчүн тегерек столго чакырат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин стратегиялык пландын иш-аракеттеринин долбоорун талкуулоо үчүн бардык кызыкдар тараптарды тегерек столго чакырат.
Өткөрүү мөөнөтүү: 2022-жылдын 26-сентябры
Өтүүчү жери: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 208, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын 3-кабатындагы Ч.Айтматов атындагы конференц-залы.
Башталышы: 14:00 – 15:30
Каттоону ачабыз. Катталуу үчүн уюмдун аталышы, өкүлдүн толук аты-жөнүн, байланыш маалыматтарын s.borkeev@minculture.kg электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча сектору.