Image default
Вакансия Жаңылыктар

Маданият министрлиги М.Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернатынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялайт

Бүгүн акыркы күн
___________________________________
Маданият министрлиги М.Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернатынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги М.Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернатынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы №278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык интернаттын директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 3 жылдан кем эмес же педагогикалык стажы 5 жылдан кем эмес.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
 М.Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернатын өнүктүрүү программасы;
 резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
 автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
 кадрларды эсепке алуу баракчасы;
 нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
 нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
 илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
 паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2022-жылдын 29-августуна чейин тапшырылууга тийиш. (саат 18:00).
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №108 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662683.
Талаптарга жооп берген катышуучулар аңгемелешүүгө чакырылат.