Image default
Жаңылыктар

Маданият министрлиги менен Якутиянын Тышкы байланыштар министрлиги Максим Аммосовдун 125 жылдыгына жана Якут АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мааракелик иш-чараларды өткөрүү маселесин талкуулады

Маданият министрлиги менен Якутиянын Тышкы байланыштар министрлиги Максим Аммосовдун 125 жылдыгына жана Якут АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мааракелик иш-чараларды өткөрүү маселесин талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана Россия Федерациясынын Саха (Якутия) Республикасынын тышкы байланыштар министринин орун басары Сергей Хатылыков Максим Кирович Аммосовдун 125 жылдыгынын урматына пландаштырылган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Максим Аммосовдун мааракесине, ошондой эле Якут Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурууда Саха Республикасынын аткаруу органдарына көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Хатылыков расмий бөлүктү, маданий иш-чаралардан жана спорттук мелдештерден турган программанын негизги компоненттерин санап, анын ичинде якут тарап Кыргыз Республикасындагы Саха Республикасынын маданият күндөрүн якут фольклордук топторунун гастролдору менен, ошондой эле тараптардын командаларынын ортосунда волейбол боюнча мелдештерди өткөрүүнү сунуштады.
Ошондой эле, тараптар иш-чаралардын форматтарын жана өткөрүлүүчү жерлерин талкуулап, мөөнөтүн тактоого макулдашышты.
Мындан сырткраы, тараптар спорттук кызматташуу маселелерин, анын ичинде юбилейлердин алкагында бир катар спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Якутия (РФ) ортосундагы спорттук мамилелер жылдан жылга динамикалуу өнүгүп жаткандыгы тууралуу жалпы пикирлерин билдиришти.
Жыйынтыгында министрдин орун басарлары маданий жана спорттук иш-чаралардын бардык уюштуруу маселелерин иштеп чыгууга макулдашышты.