Image default
Жанылыктар

Маданият министрлиги тарабынан тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин коргоо зонасынын 6 долбоору иштелип чыкты жана бекитилди

Маданият министрлиги тарабынан тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин коргоо зонасынын 6 долбоору иштелип чыкты жана бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги отчёттук мезгилде археологиялык жумуштарды жүргүзүү үчүн 30 ачык баракча берди.
“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруунун алкагында Министрлик тарабынан тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин коргоо зонасынын 6 долбоору иштелип чыкты жана бекитилди.
Тарыхый-маданий мурас объекттерин аныктоо, сактоо жана коргоо максатында Кыргыз Республикасынын жер участокторунда тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине байланыштуу 420 археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында тиешелүү корутунду даярдалып, жергиликтүү бийлик органдарына, мамлекеттик органдарга, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга каттар жөнөтүлдү.
Бишкек жана Ош шаарларынын башкы планынын алкагында тарыхый жана маданий эстеликтеринин корголуучу зонасынын аймагында жайгашкан чарбалык жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 270 корутунду даярдалып берилди.
2022-жыл ичинде “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин долбоорун жана “Сан-Таш” мамлекеттик тарыхый-маданий жана корук-музейинин долбооруна сынак жарыяланып, жеңүүчүлөр тандалып алынды.
2022-жылдын апрель айында Япониянын JICA Эл аралык кызматташуу агенттигинин көмөгү менен Чүй облусундагы Ак-Бешим чалдыбарынын аймагында Дүйнөлүк маданий мурас объектисин пайдалануу аркылуу туризмди өнүктүрүү долбоору ишке киргизилди.
Ысык-Көл облусундагы таш айкелдердин (балбалташ) эскиз каталогун түзүү үчүн инвентаризация жүргүзүлдү (3-этап). Бул долбоордун алкагында Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык музейлерге жана райондук маданият башкармалыктарына туруктуу сактоого берүү менен 200дөн ашык тарыхый-маданий мурас объекттери (балбалташ) изилденип, эсепке алынды.