Image default
Жанылыктар

Маданият министрлиги #ТазаМурас улуттук кампаниясынын алкагында жалпы ишембиликке чыкты

Маданият министрлиги #ТазаМурас улуттук кампаниясынын алкагында жалпы ишембиликке чыкты.
Бүгүн, 8- октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана бардык түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын #ТазаМурас улуттук кампаниясынын алкагында жалпы ишембиликке чыкты.
Шаар ичиндеги жана жол кыркаларындагы таштандыларды тазалоо максатында өтүп жаткан ишембиликке 100дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер катышты. Алар Бишкек- Сокулук жолундагы Б. Алыкулов көчөсүнөн баштап Күн- Туу айылына чейин 5 км жолдун жээгинде ыргытылган таштандыларды чогулутту.
Эске салсак, масштабдуу ишембилик өлкөнүн бардык аймагында “Таза мурас” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өтүп жатат.
Урматтуу шаардыктар! Экологияга, тазалыкка жана ыңгайлуулукка кам көрүү ар бирибизден башталат! Жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр, четте калбаңыздар!
Возможно, это изображение 2 человека, ребенок и трава
Возможно, это изображение на открытом воздухе
Возможно, это изображение 6 человек, ребенок, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят, дерево и дорога