Image default
Жанылыктар

Маданият министрлиги жаш таланттарды колдоо жана кыргыздын салттуу музыкалык аспаптарын жайылтууга арналган долбоорлорду колдоого алууда

Маданият министрлиги жаш таланттарды колдоо жана кыргыздын салттуу музыкалык аспаптарын жайылтууга арналган долбоорлорду колдоого алууда.
2022-жылы Маданият министрлиги KG тай – Таланттарга старт 2022” III эл аралык фестиваль-сынагын колдоого алды. Ал Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл облусунун, Каракол шаарында К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын базасында өткөрүлдү. Аталган фестиваль-сынакка Республикалык бюджеттен 643 000 сом бөлдү.
Сынак балдардын жана жаштардын арасындагы достук мамилелерди кеңейтүү жана чыңдоо, жаш таланттардын чыгармачылык байланыштарын арттыруу, жаш таланттардын маданияты жана искусствосу аркылуу улуттук маданияттын баалуулуктарын жайылтуу, ошондой эле жаштардын чыгармачыл иши аркылуу тынчтык жана улуттар аралык достук идеясын пропагандалоо максатын көздөдү. Сынакка Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан жана Россия Федерациясынын келген жаш өнөрпоз балдардын катышуусунда өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Комуз күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Министрликке караштуу орто кесиптик, жогорку окуу жайларда “9 – сентябрь Комуз күнүнө” карата маданий иш-чаралар республика боюнча өтүп келет.
Мындан сырткары, кесиптик билим берүүнү өркүндөтүү жана мугалимдерге жана жаштарга кесиптик билим берүүнү колдоо максатында билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы 80%ге чейин көтөрүлүп, эл аралык келишимдердин негизинде маданият тармагындагы кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоого квота бөлүндү. Учурда бул квота боюнча студенттер Россиянын Мамлекеттик академиялык Кичи театрынын алдындагы М.С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынан билим алып жатышат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен аталган окуу жайда билим алып жаткан 21 студентке жана кыргыз тили окутуучусуна 3 млн.572,1 сом төлөнүп берилди.
Ошондой эле, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайына 406 243 миӊ сом тренажердык инвентарлар алынып, 2021- жылдын аягында “Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатына 3 900 000 миӊ сом музыкалык аспаптарды алууга Республикалык бюджеттен бөлүндү.