Image default
Uncategorized

Маданият министрлигинин 2021- жыл ичиндеги жасаган иштери жана 2022-жылга карата планы

Саламатсыздарбы,

урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,

маалымат жыйындын катышуучулары!

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2021-жылга карата жүргүзгөн жалпы ишмердүүлүгү боюнча коомчулукка маалымат берүү үчүн чогулуп отурабыз. Алгач баарыңыздарга бул арада биз менен болуп, убакыт бөлгөнүңүздөр үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

1. Эң оболу маданият жаатында жасалган иш аракеттер тууралуу. Маданият улуттун уңгусу, өлкөнүн өздүгү, мамлекеттин келечегинин кепилдиги экенинин биз барыбыз жакшы билебиз. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы эң алгачкы жарлыгы да “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” деп аталып, маданий багыттын манилүүлүгүн бекемдеди.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги №135 токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият кызматкерлеринин кызматтык маянасы 50% жогорулады.

ТЕАТР ОЮН-ЗООК МЕКЕМЕЛЕРИ

Республика боюнча 22 оюн-зоок мекемеси бар:

1. Филармониялар – 3 (Бишкек, Ош, Жалал- Абад);

2. Куурчак театры – 2 (Бишкек, Ош);

3. Музыкалуу драма театрлар – 8;

4. Драма театрлар – 7;

5. Цирк – 1;

6. Опера жана балет театры – 1.

2021-жылы:

  • жалпы жолунан 40тан ашуун жаңы спектаклдер коюлуп, көрүүчүлөрдүн сынына тартууланды.
  • Театр оюн-зоок мекемелери былтыркы жылы 23 млн 819 миң сом табышкан.

2022- жылга карата бир катар маанилүү жагдайлар бар:

1. Февраль айында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик акадаемиялык драма театрынын капиталдык оңдоодон кийинки ачылыш азаеми (“Манастын уулу Семетей” Ж. Садыков);

2. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театры капиталдык оңдоп – түзөөгө жабылат;

3. Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрынын капиталдык оңдоп – түзөө иштери жыйынтыкталып, көрөрмандар үчүн көшөгөсүн ачат;

4. Ар бир музыкалык драма театрларга бирден музыкалуу премьера тапшырмасы берилди (8 театр);

5. Жалпы театр оюн-зоок мекемелерине жаңы чыгармаларды сахналаштыруу, ар түрдүү жанрдагы спектаклдердин, концерттик программалдын бет ачаарын өткөрүү, гастролдорду уюштуруу тапшырылды (кыргыз драматургиясы, дүйнөлүк классика, заманбап, музыкалык жана балдар үчүн спектаклдер).

ТАРЫХЫЙ МУРАСТАРДЫ САКТОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ

1. Тарыхый – маданий мурас обьектилерин аныктоо, сактоо жана коргоо максатында Кыргыз Республикасынын жер участокторунда тарыхый-маданий мурас обьектилерин аныктоо боюнча 242 археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү.

2. Элибиздин энчиси болгон “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо жана жайылтууда, республикада Манас таануу илимин өнүктүрүү жана бул эпостун негизги алып жүрүүчүлөрү – манасчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы №179 “Кыргыз мамлекеттик “Манас” театры” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынып.

3. 2021-жылдын 16-декабрында – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү маселеси ЮНЕСКОнун 16-сессиясында каралып, “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизилди.

2021- ЖЫЛГА КАРАТА ЭСТЕЛИКТЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТ:

Министрлик былтыр көркөм эксперттик комиссия менен биргеликте белгилүү инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу жана өлкөдөгү коомдук окуяларга байланышкан иш-чараларды уюштуруу боюнча иштерди алып барды:

1. Бишкек мамлекеттик университетинин Кусейин Карасаевдин эстелигинин ачылышы;

2. Бишкек шаарынын борборунда Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы;

3. Пандемияда эрдик көрсөткөн дарыгерлердин жаркын элесине арналган эстеликтин ачылышы, Бишкек ш;

4. И.В. Панфиловдун эстелегинин орнотулушу Россиядан келген расмий делегациянын катышуусунда өттү, Бишкек ш.;

4. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды.

2022-жылы борбор калаада жана ири шаарларда креативдүү скульптураларды орнотуу үчүн сынак жарыялоо жана ишке ашыруу тапшырмасы берилди. Албетте, сынакка чыккан материалдар менен коомчулукту тааныштырабыз, соңунда комиссиянын жана келип түшкөн сын-пикирлердин негизинде жеңүүчүлөрдү аныктайбыз.

ИШ ЧАРАЛАР

2021-жылы министрлик тарабынан (55 юбилейлик, 45 мамлекеттик) жогорку деңгээлде улуттук жана эл аралык мааниде өткөрүлгөн иш-чаралар:

1. Өлкөбүздүн маданиятында эбегейсиз салымы бар, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдык мааракесине арналган чоң салтанат жогорку деңгээлде белгиленди.

2. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өлкө башчысынын катышуусунда атагы ааламга тараган бас ырчысы, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев атындагы IV Эл аралык опера фестивалы уюштурулду.

3. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына бир катар мамлекеттик жана эл аралык иш-чаралар уюштурулуп, элибиздин таанымал тарыхый уул-кыздары даңктуу даңазаланды.

4. Айтылуу Алымбек Датканын 220, Курманжан Датканын 210 жылдыгы Ош шаарынын борбордук аянтында

5. Белгилүү коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун, атактуу тилчилер Касым Тыныстановдун жана Кусейн Карасаевдин 120 жылдыгы август айында өлкө башчысынын катышуусунда Ысык-Көл облусунда комлекстүү иш-чаралар менен коштолуп

6. Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы кичи мекени Баткен шаарында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

7. Акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгы да Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына туш келип, Нарын шаарында анын алкагында республикалык манасчылардын фестивалы өткөрүлдү.

8. Талас облусунда “Урааным МАНАС” аттуу театрлаштырылган масштабдуу мамлекеттик иш-чарага Президент өзү катышып, Эгемендүүлүк элибиздин эң маанилүү утушу экенин белгиледи.

9. Улуу майрамдын урматына кыргыздын төкмө акыны Жеңижоктун 160 жылдыгы жана боордош казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгы бириктирилип, Кыргыз-Казак төкмө акындарынын эл аралык Айтышы 30-31-августта Улуттук филармониянын чоң залында орун алып, өнөр баккан кыргыз күйөрмандарын кызуу шаңга бөлөдү.

10. Эл аралык денгээлдеги иш-чаралардын катарын 22-26-сентябрь аралыгында өткөрүлгөн “Дүйнө элдеринин эпосторунун VI Дүйнөлүк фестивалы” толуктады.

11. 7-14-октябрь аралыгында Бишкек шаарында 354 адамдан турган делегациянын катышуусу менен Казакстандын маданият күндөрү белгиленди.

12. Ал эми жыл жүрүшүндө Кыргыз ССРинин эл акыны, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы, СССРдин эл артисти, эл ырчысы Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы, Кыргыз эл жазуучусу, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы жана СССРдин эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кинорежиссер Болот Шамшиевдин жана Кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленип, маданий чөйрө маанилүү иш-чаралар менен толукталып, жаңы муун алдында көөнөрбөс мурастарды алкыш алдында эли менен бирге эскерди.

КИТЕПКАНА ИШМЕРДИГИ

Китепкана бул – улуу ойлордун чордону жана жаңы идеялардын мекени деп айтылат.

Китепканалардын колдонуучуларынын тейлөө көрсөткүчү 2021-жылы 1 057 894 адамдан туруп, өлкөнүн жалпы калкынын дээрлик 16% түздү. Башкача айтканда – Кыргыз Республикасынын ар бир жетинчи тургуну коомдук китепканалардын окурмандары. Жалпы республика боюнча учурда 1 066 китепкана иш алып барууда. Алардын көпчүлүгү, айрыкча аймактагы китепканалар тилекке каршы жаңыланууну талап кылат.

“Китеп жана санариптик доордо окуу” II эл аралык конференциясы уюштурулуп, ага 11 өлкөдөн чакырылган адистер катышышты. Дүйнөлүк агымдын талабына ылайык санариптештирүү процесси борбордук китепканалардан тышкары Ош, Жалал Абад, Чүй жана Нарын облустарында жүргүзүлүүдө.

– Жалпы китеп фонду 19 млнду түзөт;

– Китепканаларда өнүктүрүү борборлору уюштурулду – 50 (1 жумада 2 жолу 3 сааттан);

– Китепканачылар үчүн жайкы лагерлер уюштурулду;

– 5 млн 700 миң сомго жаңы китептер басылып чыкты жана республикадагы китепканаларга жалпы суммасы 10 млн сомдук китептер таратылды.

2022-жылга карата китеп дүйнөсү боюнча пландар:

– Е – Китепкана долбоорун ишке ашыруу (электрондук китепкана);

– Китепканалардын калган 25% интернет менен камсыз кылуу;

МУЗЕЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Республика боюнча 118 музей калкты тейлөөдө кызмат кылат:

9 айдын ичинде жалпысынан 254 экспонат калыбына келтирилди. Жыл ичинде музейлер тарабынан 289 көргөзмө долбоору ишке ашырылып, көрүүчүлөргө сунулду. Ал эми музейге келген адамдардын жалпы саны 383 277 миңден ашып.

Маданий-агартуу иштери боюнча:

Өткөн жылдагы музей тармагындагы эң маанилүү тарыхый окуялардын бири – Улуттук Тарых Музейинин ачылышы болуп саналат. Кеңейтилген көргөзмө залдарындагы туруктуу экспонаттардын саны 1 600дөн 4 500гө чейин өстү. Туруктуу көргөзмө залдарына эл аралык стандарттагы 295 жаңы витриналар коюлду. Улуттук археологиялык музей комплексинде турникет жана видео көзөмөлдөөлөр орнотулган. 2021-жыдын декабрь айында 22,5 миңге жакын көрөрман кабыл алынып, атайын эсепке түшкөн каражаттын эсеби 2 123 200 сомду түздү.

2022-жылга карата пландар:

1. Е – Музей долбоорунун концепциясын иштеп чыгуу, ишке ашыруу;

2. Муктар Ауэзов жана Алыкул Осмоновдун музейлерин министрликтин балансына өткөрүп алуу;

3. “Өзгөн” археологиялык-архитектуралык музей-комплексин “Сулайман Тоо” тарыхый этнографиялык музейден бөлүп алуу;

4. “Манас Ордо” улуттук комплексинин жаңылоо боюнча концепциясын иштеп чыгуу;

5. “Сулайман Тоо” тарыхый-этнографиялык музей комплексинин жаңылоо боюнча концепциясын иштеп чыгуу;

6. ТИКА эл аралык уюмунун каржылоосу менен Каракол шаарына Махмуд Кашкаринин музейин куруу;

7. “Ата- Бейит” мемориалдык комплексинин жаңылоо боюнча концепциясын иштеп чыгуу;

8. Каракол шаарындагы Тарых-аймак таануу музейин облустук статистика башкармалыгынын имаратына көчүрүү.

Кино тармагы

Кино тармагына жалпы 87 млн 228 миң сом каралып, 82 млн 164 миң 500 сом сарпталды.

“Кыргызфильм” киностудиясына – 31млн 296 миң 600 сом:

1. Толук метраждуу көркөм тасма – 4;

2. Толук метраждуу даректүү тасма – 3;

3. Кыска метраждуу көркөм тасма – 3;

4. Кыска метраждуу даректүү тасма – 5;

5. Анимациялык тасма – 1.

Учурда калкты 7 облустук жана 22 аймактык кинодирекциялар тейлеп, аймактарда 38 мамлекеттик кинотеатр орун алып, алардын ичинен 9 кинтеатр узак мөөнөттүк ижарада болсо, 4 чарбалык эсепте. Мындан тышкары, 12 жеке менчик кинотеатрлар мамлекеттик саясаттын негизинде иш алып барышууда. Республиканын аймактарында жыл ичинде мамлекеттик областык, райондук кинодирекциялар тарабынан 285 миң 600 көрүүчүлөргө 12 миң 655 сеанс көрсөтүлдү. Мамлекеттик кинотеатрлардын дүң чогултуусу 2 млн 475 миң 500 сомду түздү.

2021-жыл Кыргыз кино өндүрүүчүлөрү үчүн жемиштүү жылдардан болду. Жыйырмадан ашуун улуттук тасма 50дөн ашуун эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир катар сыйлыктарга ээ болуп, ата-мекендик киноиндустрия капчыгын толукташты. “Шамбала” көркөм тасмасы – Калькутта кинофестивалынын “Мыкты режиссура” номинациясын, “Ника” Россия улуттук кинематографиялык сыйлыгынын “КМШ жана Балтия мамлекеттеринин мыкты тасмасы” сыйлыгын жана башка көптөгөн сыйлыктарды утуп алгандыгын сыймык менен белгилейм.

“Акыркы көч” тасмасына – Куала-Лумпур (Малайзия) Эл аралык кинофестивалынын калыстар тобунун “Атайын сыйлыгы” ыйгарылды. Андрей Тарковский атындагы “Зеркало” эл аралык кинофестивалынын сынагына катталып, абройлуу тасмалардын катарында ат салышты.

“Көл” тасмасы Британия фестивалынын XVII – Эл аралык мусулман тасмаларынын катышуучусу болуп, Киношок–2021 Эл аралык кинофестивалынан “Мыкты эркектин ролу ” сыйлыгына ээ болду.

“Мунабия” толук метраждуу көркөм тасмасы Лондондогу (Ромфорд) Үчүнчү Евразия кино фестивалынын “Мыкты көркөм тасма” баш байгесин жеңип алды.

“Миң кыял” көркөм тасмасынын дүйнөлүк бет ачаары Таллин шаарындагы А класстагы “Темные ночи” кинофестивалында өткөрүлдү.

Бул багытта “Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” эл алалык фестивалы, “Үмүт”жаш киночулар форуму жана “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы өткүрүлүп, ар бир иш чара өз багытында баалуу өндүрүмдөргө ээ болууда.

Эл аралык кызматташуу

Мамлекеттик деңгээлдеги маданий эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча 2021-жылы бир канча документ жаңыртылып, бир катары толукталды. Өлкө башчыбыздын расмий эл аралык иш сапарларынын негизги багыттарынын бир дал ушул маданий кызматташуу болгондугу жалпы маданий чөрөнүн гана эмес, бүтүндөй калкыбыздын утушу деп эсептейм.

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында (11-12-март 2021-жыл):

– Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын маданият иштери боюнча министрлигинин ортосундагы маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу планы:

– “Бабур” атындагы Ош мамлекеттик академиялык музыкалык-драма театрынын капиталдык оңдоп түзөө иштери;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстандын Жаштар Союзунун Борбордук Кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду жүзөгө ашыруунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2021-2022-жылдарга иш-чараларды өткөрүү календары;

– Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 9-11-июнь 2021-жылдагы Түркия мамлекетине болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана анын иши боюнча макулдашуу;

– Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосундагы маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-чаралардын планы;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт боюнча Комитетинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Министрликтин 2021-жылдын 18-майындагы №167 буйругу менен Нур-Султан шаарында (Казакстан) Манастын эстелигин жасоого ачык чыгармачылык сынак өткөрүү жөнүндө жобо бекитилген. Жыл ичинде сынак эки турда өткөрүлдү. Биринчи турга 16 автор катышып, 21 эмгек, экинчи турга жабык эшик артында өтүп, 4 автор катышып, 4 эмгек тапшырышты. 2021-жылдын 19-ноябрында өткөн Комиссиянын отурумунун протоколунун негизинде сынактын жеңүүчүсү аныкталып, анын эскизи Нур-Султан шаарына орнотуу үчүн даярдалууда.

Маалыматтык саясат

2021-жылы министрлик ТВ жана радио ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн 996 уруксат кагазын берген, анын ичинен:

• 48 радиоканалдарга;

• 106 телеканалдарга (5 кайра чыгарылган – жалпы 111);

• 837 телерадиоберүү операторлорго (9 операторлор).

Жыл бою жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде декабрь айында мурда эскертүү берилген жана айып пул салынган 5 телеканалдын уруксаттары убактылуу токтотулган: 8 канал, РТВ Медиа, НТВ КейДжи, Домашний, ЭМТВ (январь айында кайра уруксат берилди).

2020-жылдан тартып министрлик өнөктөштөр менен биргеликте 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш баштаган. Концепциянын долбоорун иштеп чыгуунун алкагында 2021-жылдын жыл ичи боюнча 26 тереңдетилген интервью, 5 фокус-группа, 10 онлайн талкуу, 5 семинар, жумушчу топтун 4 отуруму, 14 тематикалык талкуу, аймактарда 3 талкуу, 1 ведомстволор аралык онлайн талкуу өткөрүлдү, сурамжылоого 500дөн ашык медиа рыноктун катышуучулары катышты.

2021-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында Улуттук медиа “Маалыматтык саясаттын концепциясын иштеп чыгуу: мамлекет менен ЖМКнын диалогу” форуму болуп, анда Кыргыз Республикасынын маалыматтык саясатынын 2021-2025-жылдарга концепциясынын долбоору тартууланды жана каралды.

Урматтуу журналисттер, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетсем!

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1 млн сомдук байге фонду менен журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлорунун арасында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырууга сынак жарыялайт.

Төмөнкү номинациялар боюнча:

– «мыкты телепрограмма/телеберүү»;

– «мыкты радиоберүү/тематикалык берүүлөрдүн сериясы»;

– «мыкты макала/басылмалардагы макалалар сериясы»;

– «мыкты макала /электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы»;

– «мыкты жарыялоо/ социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы.

Сөзсүз активдүү катышууча чакырабыз!

Жаштар саясаты

Жаштарды социалдык-экономикалык жана коомдук жашоого кененирээк тартуу максатында, Жапония Өкмөтүнүн жана ПРООНдун каржылык колдоосу менен Министрликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта республика боюнча 10 жаштар борборлору ачылды.

2021-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда болуп өттү. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун биринчи этабында 18 шаар катышты. Алар: Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана шаарлары.

Өлкө боюнча дилгир жаштарды бир аянтчага чогултуу менен алардын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулоо жана чечүү жолдорун аныктоо боюнча максаттуу аркеттер жасалууга тийиш. 25-26-октябрда “Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси” чогулду.

Жаштар арасындагы таланттуу катмарга кам көрүү жана аларды шыктандыруу максатында Өкмөттүн Токтому менен залкар жазуучу Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгы каралган. Адаттагыдай эле, быйыл да 12-декабрда аталган сыйлыктын салтанаттуу ыйгаруу аземи уюштурулуп, бардык багыттар боюнча жаратман жаштар сыйланды. Сыйлыктын негизги максаты – республиканын чыгармачыл күчтөрүн жаштарды патриоттук духта жана демократиялык кайра куруулар, салттуу руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү багытында тарбиялоо максатындагы чыгармаларды жаратууга шыктандыруу болуп саналат.

ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 Жарлыгы менен 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №341 тескемеси менен жогоруда аталган Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды.

Республиканын көп этностуу 18 районунда жана 5 шаарында Министрликтин этностор аралык маселелер боюнча коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары, коомдук-консультативдик кеңештин мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери менен биргеликте этностук өңүттөгү чыр-чатактардын алдын алуу боюнча жума сайын профилактикалык иш-чаралар жеринде туруктуу негизде жүргүзүлдү.

2021-жылдын ичинде этностук өңүттөгү чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иш-чараларынын жалпы саны 839ду түздү.

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТТОГУ ЖОГОРКУ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Кыргыз Республикасынын аймагында 74 республикалык спорттук-массалык иш-чара, республиканын региондорунда 107 187 адамдын катышуусу менен 1 359 спорттук-массалык иш-чаралар, 143 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, ата-мекендик спортчулар 120 эл аралык мелдешке жөнөтүлдү.

Медалдардын жалпы саны – 449:

1. Алтын медаль – 122;

2. Күмүш медаль – 121;

3. Коло медаль – 206;

XXXII Токио Жайкы Олимпиадалык Оюндар – 3:

1. Күмүш медаль – 2;

2. Коло медаль – 1.

– 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин Токио шаарында (Япония) XXXII жайкы Олимпиадалык оюндары өттү. Токиодо өткөн Олимпиада оюндары тарыхта Кыргызстан үчүн эң ийгиликтүү болду. Японияда спортчулар 3 медаль – 2 күмүш жан 1 коло медаль жеңип алышты. Мелдеште күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов күмүш байгеге ээ болушту, Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду, Айпери Медет кызы 5 – орунга ээ болду. Бекдоолот Расулбеков оор атлетика боюнча 6-орунду ээледи, Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 7-орунду ээледи;

– 1-7-ноябрда Белградда (Сербия) 23 жаштан улуу эмес күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (U-23) болуп өттү. Бул чепионатта Айпери Медет кызы жана эркин стилдеги балбан Эрназар Акматалиев 23 жаштан улуу эмес спортчулардын арасында Дүйнөнүн чемпиондору болушту. Ошондой эле Бекболот Мырзаназар уулу эркин күрөш боюнча күмүш медалдын ээси болду;

2022-ж. пландар:

  1. Бильярд – Дүйнөлүк чемпионат;
  2. Бодибилдинг – Азии чемпионаты;
  3. Шотакан – Дүйнөлүк чемпионат;
  4. Самба – Дүйнөлүк чемпионат;
  5. Баткен Нарын облустарында жаңы ат майдан салынат;
  6. Тотализатор системасы киргизилет;
  7. Күрөш боюнча кыздар курама командасына жаңы имарат курулат.