Image default
Жанылыктар

Министрликке анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоого байланышкан 8 арыз келип түштү

Министрликке анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоого байланышкан 8 арыз келип түштү.
Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын «Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, «Интернетте анык эмес (жалган) маалыматтардын сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, жалган маалыматтарды өчүрүүнүн жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин убактылуу токтотуунун тартибин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган.
Аталган токтомдун максаты жарандарды жана юридикалык жактарды интернет желесине тараган анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Тартиптин негизинде Министрликтин дарегине жалпы эсеп менен 8 арыз келип түштү.
Алардын ичинен 2 арыздын кароонун жыйынтыгы менен 2 маалыматтык сайттын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуп туруу жөнүндө чечими чыккан. Бирок, кийинчерээк бир чечим жокко чыгарылган.
Министрлик менен социалдык тармактардын (Facebook, Tik Tok, You tube,Twitter, Telegram, Instagram), ортосунда Кызматташуу келишимдеринин жоктугунан улам, 2 арыз ээсине арызды кароо мүмкүн эместиги тууралуу жооп жөнөтүлгөн.
Ал эми, 3 каттын ээлерине арызда маалыматтардын толук болбогондугуна байланыштуу Министрлик арызды жогоруда аталган Тартипке ылайык толуктап, кайра кайрылуусун сунуштаган.