Вакансиялар

Муниципалдык кадрлардын резервине кирүү үчүн конкурстук тандоо башталды

Райондук маанидеги шаардын мэринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына муниципалдык кадрлардын резервине кирүү үчүн конкурстук тандоо башталгандыгы жөнүндө кабарлайбыз. Сынак жөнүндө толук маалыматты, ошондой эле квалификациялык талаптарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук сайтынан алсанар болот. (https://mkk.gov.kg/). 
Сураныч, анкетанын формасына көңүл буруңуз, анткени аңгемелешүү аймактык конкурстук комиссиялар тарабынан өткөрүлөт.
Бишкек шаарынан тышкары жашагандардын  документтери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча администрациясынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат. Ошондой эле, муниципалдык кадрдык резервге кабыл алуу боюнча сынакка катышууну каалагандар үчүн бул форманы толтуруңуз.(https://forms.gle/brSM8fzUx3TXjJLr7). 

Уюштуруу, аналитикалык иштер бөлүмү
жана карьералык пландоо бөлүмү
(66-01-49, 66-02-31, 66-01-39)