Image default
Жанылыктар

Музейлерди модернизациялоо/санариптештирүү/инновациялоо иштери башталды

Музейлерди модернизациялоо/санариптештирүү/инновациялоо иштери башталды.
Бүгүн,16- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун өнөктөштүк долбоору ишке кирди.
Мындай мүмкүнчүлүк музей системасынын ишин жакшыртууга, ошондой эле, жалпы жарандар үчүн экспонаттарды онлайн форматта көрүүгө шарт түзөт.
Ачылыш иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ли Вон Чжэ мырза, Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун өкүлдөрү катышты.
Алтынбек Максутов жалпы музей тармагынын ишин жакшыртууга багытталган мындай долбоорду колдоого алган тараптарга ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду: “Бүгүн, биз 2018-жылы башталган долбоордун алкагында Корея Республикасынын тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине берилген заманбап техникалык жабдуулар жана музейлердин маалыматтын камтыган системасын ишке киргизип отурабыз. Музей казынасындагы уникалдуу экспонаттарды топтоо, сактоо, изилдөө менен тарыхый мурастын маанисин ачып берүү жана аны коомчулукка жеткирүү, бар тарыхыбызды жана маданиятыбызды мындан ары да даңазалоого чоң өбөлгө түзөт. Заман талабына шайкеш келген мындай иш аракеттер, өлкө боюнча ишке ашса деген ниетим бар. Мындай иш-аракеттер музей кызматкери эле эмес жалпы коомчулук үчүн да ыңгайлуу болот. Учурдан пайдаланып, бардык тараптарга ыраазычылык билдирүү менен, техникалык жактан жаңыланып жаткан музейлердин ишине ийгиликтерди каалайм”.
Аталган долбоор 2022-2025-жылдарга ишке ашырууга пландалып, жалпы бюджети 3 миллиард вонду түзөт.
Долбоордун программасы, Кыргыз Республикасындагы материалдык жана материалдык эмес маданий ресурстардын абалын изилдөө, музейлер жөнүндө (локациясы менен) жана музейдеги музей буюмдары жөнүндө ж.б. кеңири маалыматтарды камтыган Музейлердин маалымат системасын түзүү жана ишке киргизүү, окутуу жана тренинг өткөрүү жана музейлер үчүн техникалык жабдуулар жана материалдар менен камсыз кылууну камтыйт.
Долбоордун алкагында 2022-жылдын апрель айында Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдындагы Азия Маданий Борборунун өкүлдөрү Кыргызстандагы музейлердин ресурстары, абалы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Улуттук тарых музейди, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейи жана Ысык- Көл облусундагы Өрнөк айылындагы К. Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борбору тандап алган.
Эске салсак, 2022-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун ортосунда “Кыргыз Республикасында маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана маданият жаатындагы контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү” долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койгон болчу.
Нет описания фото.
Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 7 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек и стоит