Image default
Жанылыктар

“Өнөр ааламы – ArtSpace” республикалык маданият форуму өттү

“Өнөр ааламы – ArtSpace” республикалык маданият форуму өттү.
9- ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Өнөр ааламы – ArtSpace” республикалык маданият форуму өттү.
Иш- чаранын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышып, маданий саамалыктын өтүп жатышы жана анын мааниси тууралуу сөз сүйлөп, аталган форумга колдоо көрсөткөн бардык тараптарга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чара “Устатшакирт” салттык музыка борбору тарабынан уюштурулуп, ал музыка, театр, улуттук аспаптарды өздөштүрүү, балдар ансамбли, мультимедиа боюнча кошумча сабактардын программаларын иштеп чыгуу менен Кыргызстандын булуң-бурчунда 50дөн ашык мектепте ийгиликтүү окутулуп келгендиги менен белгилүү.
Бул саамалык аталган борбордун кезектеги ири долбоорлорунун бири болуп саналат.
Мындай мүмкүнчүлүк жаш өсүп келе жаткан муун үчүн салттуу музыка өнөрүн өздөштүрүүгө жана аны даңазалоого шарт түзмөкчү.
Возможно, это изображение 6 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят, люди стоят и костюм
Возможно, это изображение 6 человек, люди стоят и в помещении