Image default
Жаңылыктар

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстан Республикасынын маданият министри Мажидов Муроджон Абдуллаевич менен жолугушту

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстан Республикасынын маданият министри Мажидов Муроджон Абдуллаевич менен жолугушту. Жолугушууда тараптар маданият тармагында эки жактуу кызматташтыкты, ошондой эле 2022-жылдын ноябрындагы Кыргызстандын Өзбекстандагы Маданият күндөрүн талкуулашты. Жогоруда аталган иш-чараны өткөрүүдө өзбек тараптын ар тараптуу колдоосуна ишеним билдирилди.
Мындан тышкары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Маданият министрликтеринин ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2022-2023-жылдарга иш-чаралардын планы менен тааныштырды, ага ылайык тараптар археология, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо жана коргоо тармагында адистерди алмашуусу керек. Мажидов өз кезегинде бул аймактар Өзбекстандын Туризм министрлигинин карамагына берилгени тууралуу маалымат берип, көтөрүлгөн маселе тиешелүү ведомствонун кароосуна да жеткирилерин белгиледи.