Image default
Жанылыктар

Нурдин Түгөловдун 100 жылдыгына карата мамлекеттик “Ак -Марал” бий ансамблинин концерти өттү.

16-декабрда Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз ССРнин эл артисти, атактуу балетмейстер жана педагог Нурдин Түгөловдун 100 жылдыгына карата Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамблинин концерти жогорку деңгээлде өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, коомдук жана маданий ишмерлер жана Нурдин Тугеловдун туугандары катышышты.
Анда Нурдин Тугеловдун кыргыз маданиятына кошкон салымы жана анын чыгармачылыгы эскерилип, концерттик программа сунушталып, Нурдин Тугелов тарабынан иштелип чыккан бийлер сунушталды.