Image default
Жанылыктар

ОМНИБУС заманбап музыка академиясы менен Мукаш Абдраев атындагы Республикалык орто атайын музыкалык окуу жайынын концерти өттү

ОМНИБУС заманбап музыка академиясы менен Мукаш Абдраев атындагы Республикалык орто атайын музыкалык окуу жайынын концерти өттү.
2022-жылдын 3-ноябрында Мукаш Абдраев атындагы Республикалык орто атайын музыкалык окуу жайында “Омнибус ансамблинин” биргелешкен заманбап музыка кечеси болуп өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Ага Хан фондунун Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык Өкүлү Доктор Баркат Фазалдын катышуусунда өттү.
Иш- чара Омнибус заманбап музыка академиясы менен М. Абдраев атындагы мектептин окуучулары жана театр ишмерлери бир апталык тренингдин логикалык жыйынтыктоочу концерти болуп калды.
Анда алар инновациялык методикалардын жардамы менен пайда болгон жаңы программанын коллективдүү жаратмандык форматы менен айырмаланып, музыка жана театр өнөрлөрүнүн заманбап айкалышын чагылдырды.
ОМНИБУС заманбап музыка академиясы (Москва-Ташкент) Борбордук Азиядагы маданияттар аралык музыкалык инновациялык долбоор болуп саналат.
«Омнибус» ансамбли 2004-жылы жайында Ташкентте жаш музыканттардын тобу тарабынан Борбордук Азияда мурда болуп көрбөгөн музыканы ойноо боюнча бирдиктүү идея менен түзүлгөн. Бир нече жылдан бери команда дүйнө жүзү боюнча заманбап музыкадагы көрүнүштөрдүн жана процесстердин кеңири спектрин чагылдырып келет. Бул идея ансамблдин аталышында чагылдырылган: omnibus – латын тилинен “бардык багытта кыймылга жөндөмдүү” же “бардыгы үчүн кызмат кылуу” дегенди түшүндүрөт.
Концерт Ага Хан музыкалык программасы жана «Устатшакирт» салттуу музыка борбору тарабынан колдоого алынган.
Возможно, это изображение 6 человек, люди стоят, люди играют на музыкальных инструментах и в помещении
Возможно, это изображение 7 человек, люди стоят, люди играют на музыкальных инструментах и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 6 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и костюм
Возможно, это изображение 6 человек, люди стоят и в помещении