Image default
Жанылыктар

Оор атлетика боюнча курама команда окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат

Оор атлетика боюнча курама команда окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата (Ысык-Көл) шаарындагы окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.
Жыйын 3-ноябрда башталган жана 21-ноябрга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
1. Бекбдөөлөт Расулбеков, МСМК, 102 кг;
2. Молдодосов Эиль, МСМК, 89 кг;
3. Муратбек уулу Ишенбек, МС, 61 кг;
4. Таиров Эльзар МС, 67 кг;
5. Молдодосов Өмүржан, улук машыктыруучу;
6. Токтоналиев Камбар, башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу машыгуу-жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2022-жылдагы календардык планына ылайык өткөрүлүп каржыланды.