Uncategorized

Ош, Жалал- Абад жана Баткенде Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына карата кино кербен өтүп жатат

Жалал-Абад, Баткен жана Ош шаарларында Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдына арналган карата кинокербен расмий ачылды.

Ал Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан уюштурулуп өткөрүлүүдө. Ал эми, Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында ачылган кинекербенге Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, маданият жана кино ишмерлери жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаровдун кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгилеп, кыргыз кереметинин тарых барактарында татыктуу орун алганын жана кыргыз киносунун классиги катары калаарын белгилеп, кинокербендин жолу байсалдуу болсун деп куттуктоо жолдоду.

Маалымат катары билдирсек, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдына арналган кино кербен республиканын бардык аймактарында улантылып, ал тарабынан тартылган кинолор кинотераларда акысыз көрсөтүлмөкчү.

Базаров Геннадий Садырович 1942- жылы Нарын Облусунун Ат- башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн.