Image default
Uncategorized

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушуна капсула салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын курулушун баштоо үчүн капсула салды.

Буга чейин Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетине спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кыз-келиндер күрөшү үчүн спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырган.

Президенттин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Министрлер Кабинети дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыкты.