Президент Садыр Жапаров: Кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү. Биз – ириде тарыхы бай, эне тили көркөм, деми күчтүү, нарк билги, эркиндикти туу туткан эгемендүү элбиз
“Кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү. Биз – ириде тарыхы бай, эне тили көркөм, деми күчтүү, нарк билги, эркиндикти туу туткан эгемендүү элбиз”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү боюнча салтанаттуу аземдеги куттуктоо сөзүндө.














