Image default
Жанылыктар

Президент Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-сентябрда Изника шаарындагы (Түркия Республикасы) “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” стадионунда өткөн Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Ачылыш аземи башталардын алдында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган учурашып, андан соң эки өлкө президенттери, ошондой эле башка делегация башчылары Оюндардын ачылыш аземи өтүп жаткан стадионго өтүштү.
Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду. Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмерлери, анын ичинде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук топ өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Мындан тышкары, ачылыш аземинин алкагында оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү.
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин “Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!” деген ураандын алдында өтөт.
Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.
Возможно, это изображение 5 человек и люди стоят
Возможно, это изображение 1 человек
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят, люди стоят и костюм
Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 2 человека, люди сидят и люди стоят
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди стоят
Возможно, это изображение 3 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 4 человека, на открытом воздухе и текст