Image default
Жанылыктар Жаңылыктар Новости

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев дүйнө салды.

Бүгүн, 17-декабрда 44 жаш курагында оорудан улам Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Азиз Мурадиллаев дүйнө салды.
Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.
Учурда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеп жаткан.