Image default
———————
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 8-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия Федерациясы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары менен бирге Казакстандын борборундагы маданий мекемелеринде болушту.
Атап айтканда, делегациялар “ART EXPO” эл аралык көргөзмөсү жана “Музей жолу” орус музейлеринин презентациясы өткөн «Астана Опера» Мамлекеттик опера жана балет театрынын, «Роза Багланова атындагы Казак концерти» мамлекеттик концерттик уюмунун, Казакстан Республикасынын Улуттук музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ошондой эле, Кеңештин мүчөлөрү «Астана Балет» театрынын театралдык сезонунун ачылышына карата «Жибек жолу» балетинин бет ачарына күбө болушту.