Image default
Жанылыктар

Самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү

Самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бүгүн, 11-ноябрда Самбо боюнча Дүйнө чемпионаты старт алды. Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов , Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков катышты.
Эдиль Байсалов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан чемпионаттын конокторун куттуктап, Эл аралык самбо федерациясына ыраазычылык билдирди: «Самбо күрөштүн абдан кызыктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан түрү болуп саналат, ал биздин республикада да кеңири жайылган. Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнөлүк турнир биздин өлкөдө алгач ирет өтүп жатат. Мындай иш-чаралар жарандар арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жана жайылтуу иретинде маанилүү экендигине ишенем. Мыктылар жеңишке жетсин», – деди Эдиль Байсалов.
Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпионатына 51 өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Чемпионаттын байге фонду 231 000 АКШ долларды түзөт.
1-орун- 4000 АКШ доллар;
2-орун- 3000 АКШ доллар;
3-орун- 2000 АКШ доллардан (ар бирине).