Image default
Жанылыктар

Санжарбек Берикбаев Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп дайындалды

Санжарбек Берикбаев Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп дайындалды.
Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп Берикбаев Санжарбек Турдукулович дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.
Жаңы жетекчини театрдын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов тааныштырды.
Аталган театрды буга чейин Эмильбек Балтагулов жетектеп келген.
Санжарбек Берикбаев 1969- жылы 20-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында туулган.
Буга чейин Жалал-Абад облустук маданият башкармалыгынын чарба жетекчиси, андан соң, Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрында директор болуп иштеген.