Image default
Жанылыктар

Шалвар күрөш боюнча курама команда 3 медаль жеңди

#ДКО-2022. Шалвар күрөш боюнча курама команда 3 медаль жеңди
Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында шалвар күрөш боюнча мелдеш өтүп, кыргыз балбандары 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси болушту.
70 кг салмакта Амантур Камчыбеков күмүш медаль, 75 кг салмакта Ислам Орозбеков жана 80 кг салмакта Бекжан Жамбылов коло байгенин ээлери болушту.