More
    Home Blog

    Маданият министрлиги 2023-2027- жылдарга бюджеттик чыгымдарды орто мөөнөттүү стратегиясын коомдук талкууга чыгарат

    2022-жылдын 10-майында саат 16:00 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-2027- жылдарга бюджеттик чыгымдарды орто мөөнөттүү стратегиясы боюнча кооомдук талкуу өткөрөт.

    Тиешелүү суроолор боюнча +996 707 078 130 номерине кайрылыныздар.

    Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушуна капсула салды

    Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын курулушун баштоо үчүн капсула салды.

    Буга чейин Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетине спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кыз-келиндер күрөшү үчүн спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырган.

    Президенттин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Министрлер Кабинети дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыкты.

    Маданият министрлиги аймактык башкаруунун мамлекеттик кызматынын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

    Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аймактык башкаруунун мамлекеттик кызматынын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

    (Республика боюнча шаардык жана райондук маданият бөлүмдөрүнүн башчысы, башкы адиси, жетектөөчү адиси кызматтарына) 

    Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

    Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

    1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
    8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
    9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

    Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

    2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

    Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

    2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

    Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн

    • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
    • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).

    Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: (маданият бөлүмдөрүнүн башчысы)

    1. Кесиптик билим деңгээли:
                - Жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: “Маданият жана искусство тармагы боюнча”, “Педагогикалык илим боюнча” багыттар: филологиялык билим берүү, көркөм билим берүү, педагогика, кесиптик билим берүү, “Экономика жана башкаруу” багыттары боюнча: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, “Гуманитардык” багыттар боюнча: юриспруденция, журналистика, культурология, эркин искусство жана илимдер, же  маданият жана искусство тармагында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар бардык профилдеги жогорку кесиптик билим.

       2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

    • жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

    3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

    3.1.Билүү:

    •  Кыргыз Республикасынын Маданият жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Китепкана иши  жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Музейлери жана Музей фонду жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы         жөнүндө Мыйзамы;     Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө Мыйзамы;        Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Мыйзамы;   Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө Мыйзамы, “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;                 
    • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтому; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө Жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 – жылдын   28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти; Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-августундагы № 568 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө Жобо; Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 6-апрелиндеги №141 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү Жобо; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-мартындагы №131 Токтому.

    3.2. Билгичтиги:

    • стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
    -       ведомствого караштуу мекемелердин көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана интеграциялоо
    -       башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
    -       кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалды өз убагында аныктоо жана чечүү;
    -       жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
    -       өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
    -       ведомстволор аралык кызматташтык;

    3.3. Көндүмдөрү:

    -       аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
    -       структуралык бирдикти башкаруу (кол алдындагы кызматкерлердин ортосундагы көрсөтмөлөрдү жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын алардын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы формаларды издөө жана иштөө ыкмалары);
    -       маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
    -       ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
    -       натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана официалдуу тилде кат жазуу.   

    Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: (башкы адис)

    1.   Кесиптик билим деңгээли:                                                                    “Маданият жана искусство”, “Гуманитардык илимдер”, “Табият таануу”, “Социалдык илимдер”, “Педагогикалык билим берүү”; «Экономика жана менеджмент», «Маалыматтык коопсуздук», «Тейлөө сектору» тармагы боюнча жогорку билим.        

         2.   Иш стажы жана тажрыйбасы:

    • мамлекеттик  жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптин чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

        3.   Кесиптик компетенциялар:

    Билүү:

    • Кыргыз Республикасынын Маданият жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Китепкана иши  жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Музейлери жана Музей фонду жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө Мыйзамы; Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Мыйзамы;
    • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти; Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө Жобо; Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 6-апрелиндеги №141 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү Жобо; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-мартындагы №131 Токтому. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтому.

    Билгичтиги:

    • статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;
    • электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
    • издөө системаларын колдонуу;
    • ар кандай браузерлер менен иштөө;
    • презентацияларды уюштуруу;
    • таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;
    • кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;
    • оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

    Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: (жетектөөчү адис)

    1. Кесиптик билим деңгээли:

    “Маданият жана искусство”, “Гуманитардык илимдер”, “Табият таануу”, “Социалдык илимдер”, “Педагогикалык билим берүү”; «Экономика жана менеджмент», «Маалыматтык коопсуздук», «Тейлөө сектору» тармагы боюнча жогорку билим.

    1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

    – иш стажы талап кылынбайт.

    3. Кесиптик компетенциялар:

    1.Билүү:

    •  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы №251 токтому;  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти; Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-августундагы № 568 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө Жобо.

    Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди көктөмөгө (скоросшиватель) тиркеп тапшыруу керек:

    – өзүнүн арызы форма боюнча;

    – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

    – резюме сүрөтү менен;

    – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

    – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин  көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

    – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

    – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

    Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

    Арыздын үлгүсүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин сайтынан  Вакансия бөлүмүнөн көчүрүп алса болот. (minculture.gov.kg).

    Сынакка катышуу үчүн документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде (2022-жылдын 26-апрелинен тартып 16-майга чейин) Бишкек ш., Пушкин көчөсү 78,  3 кабинетте кабыл алынат.  (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү), байланыш үчүн телефондор: 0312 (62-36-39) 0500 045-950

    ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

    XI Эл аралык музыка жана бий конгресси Кыргызстанда биринчи жолу өтөт

    2022-жылдын 20-апрелинен 25-апрелине “Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыка күнүн белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык, 25-апрель салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган Жумалык өтөт.

    Жумалыктын максаты – ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат. Салттуу музыка күнү быйыл 18-ирет белгиленүүдө. Быйылкы салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган Жумалыктын өзгөчөлүгү анын программасына буга чейин башка түрк тилдүү өлкөлөрдө өткөрүлүп келген Музыка жана бий конгрессинин камтылышы.

    Жумалыктын программасы министрлик тарабынан бекитилди жана ал программага маанилүү иш-чаралар камтылды. 20-апрель күнү Жумалык «Улут наркы» көргөзмө-жарманкеси менен башталып, 25-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында чоң Гала-концерт менен жыйынтыкталат.

    Жумалык эл аралык масштабда өтүп Түркия, Азербайжан, Россия Федерациясынын Тува, Хакасия, Алтай Республикаларынан, Казахстан, Өзбекстандан жалпы 45тен ашык илимпоздор жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр адамдары келүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары Италия, Улуу Британия, Германия, Венгрия ж.б. илимпоздору конференцияларга онлайн режиминде катышат.Жумалыктын ишинин жыйынтыгында резолюциялар кабыл алынып, материалдардын жыйнагы чыгарылат.

    Кыргызстан жаштары Президенттин «Жашыл Мурас» улуттук долбоорун колдойт

    Март айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, «Тоо экосистемасын жана климаттык туруктуулукту сактоо» жөнүндөгү жарлыгынын алкагында Кыргызстандын бардык аймагында «Жашыл Мурас» улуттук компаниясын ишке киргизди.

    Аталган долбоордун негизги максаты – бак-дарак отургузуу аркылуу тоо токойлорубузду сактап калуу болуп эсептелинет.«Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук уюмунун (КСЖЭҮ) демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин астындагы Токой кызматы жана Кыргызстандын бардык аймагындагы ыктыярчы жаштардын катышуусунда 7 дубанда бак-дарак отургузуу иш-чаралары өтөөрү пландалууда.

    Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпы демилгелүү жаштардын сунуш-пикирлерин колдойт жана анын ишке ашуусуна болгон күч аракетин жумшайт.

    Бул демилгени колго алып, толук кандуу ишке ашуусуна көмөк көрсөтүп жаткан ар бир жигердүү жаштарга, Айыл чарба министрлигинин астындагы Токой кызматына жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна жана БУУнун өнүктүрүү программасына терең ыраазычылык билдиребиз.

    Кыргыз жараны концепциясын ишке ашырууга багытталган координациялык жыйын өттү

    Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу максатында өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өттү.

    Аталган координациялык жолугушуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлигинин координациясы менен өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти Данияр Суюнов, Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун жетекчиси Озонио Ожиело, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Расмия Казимова, донордук уюмдардын өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Кыргызстан калкы ассамблеясынын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышышты.

    Координациялык жыйында министр Азамат Жаманкулов Кыргыз жараны концепциясынын алкагындагы бул жолугушуу кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашыруунун негизги артыкчылыктарын жана өнөктөштүк механизмдерин аныктоо үчүн аянтчаны түзүү болуп саналаарын белгилеп, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

    Министр өз сөзүндө, “Кыргыз жараны концепциясы Кыргызстандын элинин биримдигин жана бүтүндүгүн камсыз кылуучу өлкөнүн маанилүү стратегиялык документи болуп саналат. Бул Концепция Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын бириктирүүчү ири аянтча. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги министрликтер менен ведомстволор ортосунда Концепциянын аткарылышын координациялоочу жана контролдоочу негизги орган экенин белгилөө менен, бардык өнөктөштөрүбүздү Концепцияда сунушталган багыттарды талкуулоого активдүү катышууга жана мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар багыттарды так аныктоого чакырам”,- деп сөзүн жыйынтыктады.

    “Кыргыз жараны концепциясы Кыргызстандын бирдиктүү элинин коомдук биримдигинин концепциясы болуп саналат жана ал Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана аны ишке ашыруу жагынан да чагылдырылган. Концепция 2026-жылга чейин күчүндө болот жана бул бул багыттагы Стратегияны ишке ашыруунун биринчи этабы гана.Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз жараны концепциянын негизги артыкчылыктары жөнүндө өз пикирлерин билдирип, иш-чаралар планын натыйжалуу ишке ашыруу тууралуу сунуш-пикирлерин айтышты.

    Эске салсак, иш чара ПисНексус фондунун регионалдык кеңсесинин колдоосу менен өттү. Кыргыз жараны 5 артыкчылыктуу багытты камтыйт.Алар, Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү жана саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу болуп саналат.

    Маданият министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембилик өткөрдү.

    2022-жылдын 9-апрелинде республиканын шаарларынын жана шаарларынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембилик өткөрдү.Анда кызматкерлер Министрликтин тегерек-четин тазалап, айланадагы таштандыларды чыгарышты.

    Дене – тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

    Бүгүн, 6-апрелде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында дене- тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди.

    Кесиптик майрамга спорт ардагерлери, спорт федерациялары, машыктыруучулар мейман катары чакырылды.Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Ресубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашимова сөз сүйлөштү.

    Азамат Жаманкулов кыргыз спорту бүгүнкү күндө кандай бийиктиктерге жетип жатканын белгилеп, ушул күнгө чейин өрнөк көрсөтүп келген арадагерлерге ыраазычылык билдирди. Спорт ден-соолукту чыңдоо гана эмес, жумурай журттун башын бириктирген чоң күч болуп калгандыгын белгилеп өттү.

    Анын мисалы катары, акыркы кезде кыргыз спортунун ийгилиги жаралаган учурда, өлкө желеги желбирегенде анын алдында бүтүндөй кыргыз элинин башы биригип, бир дем бир күч менен болуп жатканан белгиледи. Ошондой эле, министр Азамат Жаманкулов апрель айынан тарта спорт мекемелеринин айлыгы 50-100 пайызга көтөрүлүп жатканын айтып, ар бир спортчуга ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.

    Иш чаранын алкагында бир катар алдыңкы жана ишинде мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн спортчуларга сыйлыктар тапшырылды.

    Майрамдык салатант концерттик программа менен коштолуп, ата мекенди жана элди сүйүүгө арналган ырлар жаңырды.

    Некролог Марат Алышпаев

    Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

    2022-жылдын 4-апрелинде  75 жаш курагында оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Усенович Алышпаев дүйнөдөн кайтты.

    Марат Усенович Алышпаев 1947-жылдын 17-декабрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. 1965-жылы мектепти аяктаган, 1965-1967-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин студенти болгон, 1967-1972-жылдары А.В. Луначарский атындагы театралдык институттун актердук факультетинде окуган.

    1972-жылы окуусун аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келип, жаңы эле түптөлгөн, И. Рыскулов жетектеген Ош драма театрынын актеру болгон. 1978-жылы театрдын Москвага болгон гастролдорунан кийин М.У. Алышпаевге Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылат. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын актеру болот.

    1991-1997-жылдары Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын көркөм жетекчиси жана директору, ал эми
    1997-1999-жылдары ушул эле театрдын актеру болуп эмгектенген. 1991-2003-жылдары Бишкек шаардык театрынын койгон оюндарына катышкан, 2000-жылдардын башында Жаш көрүүчүлөр театрында ойногон.

    2003-жылдын октябрында К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драмалык театрынын көркөм жетекчиси жана директору болуп дайындалган. 2008-2009-жылдардагы сезондо
    М.У. Алышпаев жетектеген театр чыгармачылык, ошондой эле финансылык жагынан да бааланып, Мамлекеттик маданият агенттиги тарабынан өлкөдөгү эң ийгиликтүү жамааттардын бири катары таанылган.

    2010-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги, ошол эле жылдын июнунда
    Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалган. 2014-жылдын 1-августунан тартып аталган театрдын актеру болуп эмгектенген.

    Театрдагы карьерасында классикалык (Софоклдын “Эдипте”, “Ричард III”, “Гамлет” (Кыргызстанда алгач ирет коюлган), “Король Лир” Глосстердин башкы ролдорун, Н. Гоголдун “Ревизор”,
    М. Горькийдин “На дне” спектаклдериндеги ролдор), ошондой эле заманбап репертуарларда (Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча “Ак кеме”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “ Кылым карытар бир күн”, “Деңиз бойлой жорткон ала-дөбөт”, “Чыңгызхандын ак булуту”, С. Раевдин “И. Раззаков” Раззаковдун, К. Сактановдун жана Т. Касымбековдун “Курманжан датка” Алымбек датканын, Ф. Дюрреманттын “Визит старой дамы” Альфред Иллдин ж.б.) көптөгөн ролдорду аткарган.

    Театрдагы ишинен сырткары киного да, анын ичинде
    Г. Базаровдун фильмдерине (“Приют для совершеннолетних”, “Аномалия”, “Каракыз”, “Метаморфоза”, “Исход”, “Нонсенс” ж.б.) активдүү тартылган. 2016-жылы Монреаль кинофестивалында эң мыкты дебюттук фильм үчүн “Алтын Зенит” сыйлыгын утуп алган “Аталар керээзи” фильминде (режиссеру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) башкы ролдордун бирин жараткан. 2021-жылы “Акыркы көч” фильминде башкы ролдо тартылган.

    Кыргызстандын маданиятына, театрына жана киносуна чоң салым кошкон Марат Алышпаевдин элеси кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

    Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

    С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.К. Эргешов,
    А. К. Жаманкулов, С.А. Раев, С.А. Аманова, М.А. Бектеналиев, М. Шеримкулов, Т.Т. Казаков, К.О. Иманалиев,
    Ж.О. Кулмамбетов, А. Дайырбеков, А. Абдыкалыков, Н. Мамбетова, Г. Каниметова, М. Далбаева, Э. Бекболиев,
    З. Сооронбаев, А. Осмонов, Т. Бообекова, Ж. Сыдыгалиева, К. Сейдалиева, Ш. Алсейитова, А. Анаркулова, Ж. Жумалиева, С. Мырзалиева, Ч. Думанаев, К. А. Осмонов, Г. Садыбакасова, Д. Баратбаева, Б. Куланбаев, М. Мамазаирова, Ж. Өзүбекова, Т.К. Сманбеков,  А. А. Озүбеков ж.б.