Image default
Жанылыктар

Социалисттик эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата бир катар иш- чаралар өтүүдө

Социалисттик эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата бир катар иш- чаралар өтүүдө.
Көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры айыл чарба өндүрүшүнүн уюштуруучусу, Кыргыз ССРинин Компартиясынын Ак-Талаа жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Депутаты, Кыргызстан Компартиясынын БКнын мүчөсү Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракесине арналган бир катар иш-чара мерчемделген.
Анын алкагында 2022-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Улуттук тарых музейинде сүрөт-документалдык көргөзмө, ал эми, 19-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 100 жылдык маараке белгиленет.
Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас облусунун, Бакай-Ата районунан караштуу Кызыл-Октябрь айылында туулган. 1947-жылдан тартып, партиялык кызматтарда иштеп, бүт өмүрүн өз эли, өлкө үчүн талыкпай эмгектенүүгө арнады. Ал адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1952-1956-жылдары Компартиянын Чаткал райондук комитетинин экинчи жана биринчи катчысы болуп шайланат. Андан соң бир жыл бириккен Ала-Бука райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1957-1961- жылдары К. Акназаров Кыргызстан Компартиясынын Октябрь жана Базар-Коргон райондук комитеттеринин 2-катчысы болгон.
Ал эми 1961-жылдан тартып, 1990-жылга чейин К.Акназаров Нарын областынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп үзүрдүү эмгектенди. 1965-жылы Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин Алматы Жогорку мектебин да бүтүргөн. Партиянын XXV, XXVI-сьезддеринин делегаты болгон. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.
• Кочкор районунун Чолпон айылындагы орто мектепке анын ысымы ыйгарылган.
• Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун Баетов айылында бюсту орнотулган.
• 100 жылдыгына карата карата өзү туулган Талас облусунун, Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылында эстелиги ачылды.