Image default
Жаңылыктар

Советжан Асанкадыр М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалды

Советжан Асанкадыр М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Асанкадыр Советжан 2022- жылдын 7-сентябрынан тартып, Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындалды. Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Буга чейин аталган окуу жайдын директору болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Тентимиш Мураталиев эмгектенип келген.

Мындан ары, Тентимиш Мураталиев аталган мектепте өсүп келе жаткан муундарга тарбия берүү жана кесипкөй адистерди тарбиялоого салым кошуу үчүн окуу жайда мугалимдик кесипти аркаламакчы.