Image default
Жанылыктар

Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаштар иштери жана спорт министрлеринин 6-жыйыны өттү

Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаштар иштери жана спорт министрлеринин 6-жыйыны өттү.
Түркиянын Бурса шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаштар иштери жана спорт министрлеринин 6-жыйыны өттү. Анда кеңешке кирген өлкөлөрдүн жаштарынын өз ара кызматташуусун жакшыртууга жана тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган маселелер талкууланды.
Алгач сөз Түркияда өтүп жаткан Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу сөз менен башталып, аны дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан Кыргыз Республикасынын дараметин жана ага көрүлгөн астейдил мамилеси үчүн ыраазычылык сөздөр айтуу менен толукталды.
Алтынчы ирет өтүп жаткан түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык боюнча катчылыгы тарабынан уюшулган иш-чара жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүдө түрк тилдүү мамлекеттер үчүн жакшы аянтча болуп эсептелинет. Жыйынга катышып сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө бир катар иш чараларды ишке ашыруу боюнча белгиледи.
Өз сөзүндө ал 2023-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар борбору болуп, Түркия мамлекети тандалганын, муну менен катар жаш ишкерлер чоң форумун уюштуруу, ошондой эле ыктыярчылардын форумун жана “Жаштар лагери” иш- чарасын жана башка жаштар арасындагы байланышты чыңдоочу иш чараларды уюштуруу негизги максат экенин билдирди.
Иш -чаранын алкагында түрк тилдүү
мамлекеттердин студенттер арасында универсиада өткөрүү жана допингге каршы саясат
тууралуу суроолор талкууланды. Чоң спорттогу көйгөйлөрдү жана
багыттарды эске алып, түрк тарап өз тажрыйбасын сунуштап, Анкара
шаарында жайгашкан допингди пайдаланууга жол бербөө
максатындагы лабораторияны колдонууну сунуштады.
Возможно, это изображение 1 человек и стоит
Возможно, это изображение 9 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят и люди стоят