Image default
Жанылыктар

Түркияда төрт күндөн бери “Манас” айтылууда

Түркияда төрт күндөн бери “Манас” айтылууда.
Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу “Азаттыкка” билдирди.
“113 сааттан бери күнү-түнү Манас айтылып жатат. Иш-чара жакшы уланууда. Комиссиянын сегиз мүчөсү бар. Жаңылган жерлерди жазып атышат. Таңга маал жаңылып кеткен учур болгон. Манасчылар чарчап, уйкусу келген жагдайлар болот экен. Бирок азыр абалдары жакшы”, – деди Биймырза уулу.
21-сентябрда Түркиянын Бурса шаарында “Манас жумалыгы” башталган. Ага кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы катышууда.
“Манас жумалыгы” 28-сентябрда жыйынтыкталат. Иш-чара жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиликтин демилгеси менен уюштурулган.
Бурса шаары 2022-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланган.