Uncategorized

Түркиянын Бурса шаарында Түрксой уюмунун туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны өттү

Түркиянын Бурса шаарында Түрксой уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министлери жана Түрк кызматташтыгынын башка уюмдарынын жетекчилери катышкан Түрксой уюмунун туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны өттү.

Кыргызстандан кезексиз жыйынга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.Жыйындын жүрүшүндө Түрксой уюмунун укуктук документтерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгына байланышуу, жаңы сунушталып жаткан өзгөрүүлөр талкууланды.

Мындан сырткары, жыйында 2023- жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары катары аныктала турган шаар талкууланып, 2022- жылы өтө турган иш- чаралар планына толуктоолорду киргизилип, кезексиз жыйындын протоколу жана жыйынтыктоочу декларацияларына кол коюулду.