Image default
Жанылыктар

Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына “Көк- Бөрү” жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди

Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына “Көк- Бөрү” жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди.
Түркиянын Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-Бөрү жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди.
Көк – Бөрү спортчулары машыгуу жыйындарын толук өтүшүп, бүгүнкү күндө даяр. Оюнчулар 2022- жылдын 28- сентябрында учушат.
Мындан сырткары Көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.
Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.
Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчулар катышат.
Бардык маалыматтар менен https://www.worldnomadgames2022.com/ сайтынан таанышсаңыздар болот.