Image default
Uncategorized

Талас облустук медиа борборунун башкы директору кызматына дайындоо жөнүндө билдирүү

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2022-жылдын 24-мартындагы буйругуна ылайык Талас облустук мамлекеттик медиа борборунун башкы директорунун милдетин аткаруу бул мекеменин башкы директорунун орун басары болуп иштеп жаткан Бурмагүл Чабдаровага жүктөлдү.


Медиа борборлордун башкы директорун дайындоого жана бошотууга макулдашуу маселелери мыйзамдарда каралган эмес жана тармактык мекеменин башчысы өзү чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгы тарабынан бекитилген медиаборбордун уставында жогоруда белгилеген кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу министрликтин номенклатурасына кирет.


Мекеменин жаңы башкы директорун дайындоо маселеси мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилет