Uncategorized

Тарыхый-маданий мурас обьекттерин эсепке алуу, Коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө ЖОБО

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 20-августундагы
N 568 токтому менен
бекитилген

Тарыхый-маданий мурас обьекттерин эсепке алуу, Коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы N 614, 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

  1. Жалпы жоболор

1.1. Элдин турмушундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө, тарыхый, илимий, көркөм же башка мааниге ээ курулуштар, тарыхый жайлар жана буюмдар тарыхый-маданий мурас объекттери болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык тарыхый-маданий мурас обьекттери мамлекет тарабынан корголот.

1.2. Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-статьясында көрсөтүлгөндөй, тарыхый-маданий мурастардын бардык түрлөрү тарыхый-маданий мурас обьекттери болуп саналат.

Тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий мааниге ээ болгон башка обьекттер да тарыхый-маданий мурас обьекттерине таандык кылынышы мүмкүн.

1.3. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик башкаруу тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик орган аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат (мындан ары – жергиликтүү бийлик органдары).

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы, маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы (мындан ары – эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган) болуп саналат.

Маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы жана анын карамагындагы маданиятты башкаруунун жергиликтүү органдары (мындан ары эстеликтерди коргоонун мамлекеттик органдары) өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде тарых, археология, шаардык курулуш жана архитектура, искусство жана башка эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик көзөмөлдөөнү ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)

1.4. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга алардын компетенцияларынын чегинде төмөнкү иштер тапшырылат, алар:

– тарыхый-маданий эстеликтерди мамлекеттик эсепке алуу;

– тарых жана маданият эстеликтерин, алардын аймактарын, тарыхый-маданий коруктарды, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстерди, тарыхый-маданий корук аймактарын (жайларын) жана эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүн күтүү жана пайдалануу тартибин белгилөө;

– тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, изилдөө жана реставрациялоо ишин илимий-методикалык жетектөө;

– тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо, эстеликтердеги бардык иштердин түрлөрүнө илимий-изилдөө жана долбоорлоо документтерин кароо;

– тарых, археология, шаардык курулуш жана архитектура, монументалдык искусство эстеликтери бар шаарларды жана эл жашаган пункттарды пландаштыруунун, куруунун жана реконструкциялоонун макулдашууга жөнөтүлгөн долбоорлорун кароо;

– тарыхый-маданий мурас обьекттерин пайдаланууну уюштуруу жана пропагандалоо;

– ишкана, мекеме, уюм жана граждандар тарабынан, алардын кайсыл ведомствого тиешелүүлүгүнө карабастан тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо эрежелеринин сакталышына, ошондой эле курулуш, мелиорациялык, жол куруу жана башка иштерди жүргүзүүдө эстеликтерди сактоону камсыз кылган чаралардын аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөө.

1.5. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо боюнча эрежелерин, инструкцияларын, көрсөтмөлөрүн ишкана, мекеме, уюм жана граждандар ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан аткарууга милдеттүү.

1.6. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын милдеттери:

– тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу, реставрациялоо эрежелеринин сакталышын текшерүү, керек болгон учурда кимдин менчигинде же пайдалануусунда экенине карабай, эстеликтин абалын изилдөө, эстеликтин сакталышын текшерүү протоколун түзүп, кетирилген кемчиликтерди четтетүүгө көрсөтмөлөрдү берүү;

– эгерде, тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө, реставрациялоо, консервациялоо, ремонттоо, пайдаланууга ыңгайлаштыруу, реконструкциялоо жана эстеликтерде, алардын аймактарынын чегинде, тарыхый-маданий коруктарда, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстерде, тарыхый-маданий корук аймактарында (жайларында) жүргүзүлгөн башка иштер макулдашылбастан же бекитилген долбоорду, илимий реставрациялоо методдорун, техникалык шарттарды жана башка эрежелерди бузуу менен жүргүзүлсө, ал иштерди токтотууга;

– курулуш, мелиорация, жол куруу жана башка иштерди жүргүзүү процессинде тарыхый-маданий мурас обьекттерине коркунуч туулса же аларды коргоо эрежелери бузулса, ал иштерди токтотууга;

– укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдоого, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган кызмат адамдарын, ишканаларды, мекемелерди, коомдук бирикмелерди, уюмдарды жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)

1.7. Өрткө каршы жана санитардык көзөмөл боюнча жана башка атайын органдардын тарых жана маданият эстеликтерине байланыштуу талаптары, сөзсүз түрдө эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылышы керек.

1.8. Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коому, чыгармачыл бирикмелер жана башка коомдук уюмдар, ошондой эле жарандар, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга тарыхый-маданий мурас обьекттерин коргоо, пайдалануу, табуу, эсепке алуу, реставрациялоо жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшөт.

1.9. Музейлердеги (коомдук башталыштагы музейлер да) китепканалардагы, архивдердеги жана башка мекемелердеги жана уюмдардагы тарыхый-маданий мурас обьекттерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын музей, китепкана жана архив фонддору жөнүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

1.10. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери болгон жарандар жана юридикалык жактар тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык талаптарды милдеттүү түрдө аткаруу менен алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга милдеттүү.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Тарыхый-маданий мурас обьекттерин мамлекеттик эсепке алуу

2.1. Кимдин менчигинде же кимдин пайдалануусунда экендигине карабастан, тарых жана маданий обьекттердин бардыгы мамлекеттик эсепке алынууга тийиш. Тарыхый-маданий мурастын обьекти болгон жана жеке менчикте турган турак жай имараттар менчик ээсинин макулдугу менен мамлекеттик эсепке алынат.

Тарых жана маданият обьекттерин мамлекеттик каттоого алуу ишине эстеликтерди табуу жана изилдеп, алардын тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулугун аныктап, алардын документтерин түзүү жана кыймылсыз эстеликтердин мамлекеттик тизмесин түзүү маселелери кирет.

Тизме Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттеринин аталышы, жайгашкан жери, коюлган датасы, иликтенүү деңгээли, абалы, өлчөмдөрү, менчик түрү, аймактык чек арасы жөнүндө, ошондой эле коргоо чөлкөмдөрү тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтык тутум түрүндө болот.

Тарых жана маданият эстеликтерин мамлекеттик эсепке алуунун тартиби менен формасы тийиштүү тартипте бекитилген Инструкцияга ылайык маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан белгиленет.

Эсепке алуунун тартибин бузуу тарыхый жана маданий эстеликтерди сактоонун эрежелерин бузгандык болот.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)

2.2. Тарыхый жана маданий эстеликтерди эсепке алуунун документтери, анын ичинде мамлекеттик тизмеден чыгарылган эстеликтердин документтери да, эстеликтерди коргоонун тийиштүү мамлекеттик органдарынын илимий документациялык борборунда сөзсүз сакталууга тийиш.

2.3. Тарыхый жана маданий мурастардын обьекттерин табуу жана аларды каттоого алуу максатында ишканалар менен мекемелер, уюмдар жана граждандар өз менчиктериндеги же өздөрүнүн пайдалануусундагы тарыхый, илимий, көркөм жана башка баалуулугу бар обьекттер жөнүндөгү маалыматтарды тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо органдарына билдирүүгө милдеттүү. Мамлекеттик органдар мындай обьекттерди иликтеп табуу ишин жүргүзөт.

Тарыхый, илимий, көркөм же жана башка маданий баалуу мааниси бар обьекттерди иликтөө боюнча иш-чараларды пландаштырууда эстеликтерди коргоонун мамлекеттик органдары ар түрдүү эл-чарба жумуштары жүргүзүлүүчү аймактарга; райондук пландаштыруу, шаарлардын генералдык пландары, деталдык пландаштыруу долбоорлору, аларды реконструкциялоо жана перспективалык өнүгүү долбоорлорун түзүү белгиленген райондорго, шаарларга жана калктуу конуштарга өзгөчө көңүл бурушат.

2.4. Аталган обьекттердин табылгандыгы жөнүндө маалымат алынганда эстеликтерди коргоо органдары мамлекеттик тарыхый-маданий экспертизалар жүргүзүшөт. Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган максаттарга ылайык жүргүзүлөт. Эгерде алардын маданий баалуулугу далилденсе, анда ал обьекттер жаңы табылган тарыхый, илимий көркөмдүк жана башка маданий баалуулугу бар обьекттердин тизмесине катталат.

Мындай мамлекеттик тарыхый-маданий экспертизаларды жүргүзүү иштерине эстеликтерди коргоонун мамлекеттик органдары илимий-изилдөө, долбоорлоо уюмдарынын, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо коомунун жана башка адистештирилген уюмдардын адистерин ишке тартышат.

“Жаңы табылган обьекттердин тизмеси” катталган ар бир обьектке кыскача мүнөздөмө, ошондой эле ал обьекттин тарыхый жана маданий эстелик экендигин тактаган мамлекеттик тарыхый-маданий эксперттик жыйынтыкты камтыйт.

Төмөнкүлөр тарыхый-маданий экспертиза объекттери болуп саналат:

– тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин белгилерине ээ болгон объекттер;

– чарбалык өздөштүрүлүүгө тийиш болгон жер участоктору;

– тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;

– тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;

– тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий коруктарына, өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объекттерине же болбосо дүйнөлүк маданий жана табигый мурас объекттерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)

2.5. Жаңы табылган обьекттердин тарыхы, илимий, көркөм жана башка баалуугу бар экендиги эстеликтерди коргоонун мамлекеттик органдары тарабынан аныкталгандан кийин аларды тарых жана маданият эстеликтери катарында мамлекеттик эсепке алуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин маданиятты мамлекетти башкаруунун борбордук органы тарабынан бекитилген тартипте тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалуу мааниси бар жаңы табылган обьекттердин тизмесине катталат.

2.6. Жаңы табылган обьекттердин тизмеси жаңы табылган обьекттердин түрлөрү боюнча ар бир район, шаар жана областка өз-өзүнчө түзүлөт.

2.7. Тарыхый, илимий, көркөмдүк жана башка маданий баалуулугу бар жаңы табылган обьекттердин тизмелеринде катталган обьекттер тарых жана маданият эстеликтери катарында мамлекеттик эсепке алуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жөнүндөгү мыйзамда каралган талаптын негизинде коргоого алынат.

Жаңы табылган объекттердин сакталышын камсыздоо максатында алар жайгашкан аймактарда курулуш курууга жер бөлүштүрүүдө, планировкалоодо, курулуш курууда аталган тизмелер эстеликтерди коргоонун мамлекеттик органдары тарабынан маданиятты мамлекеттик башкаруунун Борбордук органына, ошондой эле жергиликтүү бийлик, архитектура жана курулуш органдарына жиберилет.

2.8. Эстеликтерди коргоонун мамлекеттик органдары тизмелерге киргизилген жаңы табылган объекттерди иликтеп-изилдөөнү жана аларды эсепке алуу документтерин түзүү иштерин жүргүзүшөт.

Тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий мааниси бар ар бир кыймылсыз эстелик менен ар бир жаңы табылган объектке алардын жайгашкан орду, табылган учуру (датировкасы), пайдаланылыш жана сакталыш абалы, илимий документациясынын бар экендиги, анын кайсыл жерде сакталып тургандыгы жөнүндө маалыматтарды, кыскача баяндамасын жана иллюстрацияланган материалдарды камтыган эсепке алуу карточкасы түзүлөт.

2.9. Ар бир козголбос эстеликке эстеликтин тарыхын жана азыркы абалын, айлана-чөйрөдөгү жайгашкан ордун, тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалуулугунун маанисин, ага жакын жайгашкан аймактар, маданий баалуу мааниси бар курулуштар, бактар жана парктар, коргоо зонасы, ошондой эле тарыхый-архитектуралык жана библиографиялык материалдар жөнүндө илимий жана башка да бардык маалыматтардын жыйындысы камтылган эсеп документи болуп эсептелген паспорт түзүлөт. Ал паспортто негиздүү документке таянуу менен эстеликти коргоонун категориясы жана анын түрү көрсөтүлөт.

Тизмеге киргизилген тарыхый-маданий мурас объектисинин менчик ээсине эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан тарыхый-маданий мурас объектисинин паспорту (мындан ары – паспорт) берилет.

Паспортко бул тарыхый-маданий мурас объектисин коргоонун предметин түзгөн маалыматтар (түрү, аймагынын чек араларынын баяндамасы, объекттин фотографиялык сүрөтү; объекттин менчик ээси, объектти пайдалануучу, жер участогунун ээси жана жер участогун пайдалануучу жөнүндө, ошондой эле чектеринде тарыхый-маданий мурас объекти жайгашкан жер участогун пайдалануунун укуктук режими жөнүндө маалыматтар) киргизилет.

Паспорт жөнүндө жобо (анын баяндамасы, тариздөө жана берүү тартиби) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттери же чектеринде археологиялык объекттер жайгашкан же суу объекттери менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда паспорт кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү тартипте берилүүчү документтердин бири болуп саналат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)

2.10. Кыймылсыз тарыхый жана маданий эстеликтердин ансамблдери, комплекси, шаардын, калк жашаган башка пункттун, кварталдын, аянттын, көчөнүн тарыхый борбору, тарых жана маданият коруктары үчүн:

– аталган обьекттерге жалпы эсепке алуу карточкасы менен паспорт;

– ар бир өзүнчө эстеликти эсепке алуу карточкалары менен паспорттор;

– тарыхый-архитектуралык таяныч пландар түзүлөт.

2.11. Эсепке алуу карточкасы менен паспорт үч нускада түзүлөт да, аныкталган тартипте эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик тийиштүү органдарга өткөрүлөт.

2.12. Эстелик жөнүндө жаңы маалымат түшкөндө эстеликтин эсепке алуу карточкасы менен паспортуна толуктоолор киргизилүүгө тийиш. Ал маалыматтар кошумча барактарга жазылат да, 2.11. пунктта көрсөтүлгөн тийиштүү уюмдарга жөнөтүлөт.

2.13. Тарыхый, маданий, көркөм жана башка маданий мааниси бар жаңы табылган обьект – тарыхый жана маданий кыймылсыз эстеликтердин тийиштүү мамлекеттик тизмесине түрлөрү менен коргоо категориясына жараша киргизилүү менен тарых жана маданият эстелиги болуп таанылат.

2.14. Кыймылсыз тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмеси – эстеликтерди мамлекеттик эсепке алуунун жана коргоонун негизги документи болуп эсептелет. Ал тизмеге киргизилген обьекттер белгилүү түрдөгү жапа коргоо категориясындагы тарыхый жана маданий эстеликтер болуп таанылат.

2.15. Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас обьекттери илимий, көркөм, тарыхый жана башка маданий баалуулугуна жараша эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтер болуп бөлүнөт.

Кыймылсыз эстеликтерди жогоруда аталган категориялардын бирине ыйгаруу ал эстеликтерди мамлекеттик эсепке алуу учурунда белгиленет.

Кыймылсыз эстеликтердин мамлекеттик тизмелери эстеликтердин категориялары менен түрлөрү боюнча түзүлөт.

2.16. Жергиликтүү маанидеги кыймылсыз эстеликтердин мамлекеттик тизмелеринин долбоорлору жаңы табылган обьекттердин тизмеси менен ар бир обьекттин эсеп документтеринин негизинде, эстеликтерди коргоонун жергиликтүү мамлекеттик органдары тарабынан даярдалат да, жергиликтүү бийлик органдары бекитет.

Жергиликтүү маанидеги эстеликтердин тизмеси ал эстеликтердин айрымдары кийин мамлекеттик тизмелердин башка категориясына киргизилеби жокпу, ага карабастан тийиштүү аймакта жайгашкан белгилүү түрдөгү эстеликтердин бардыгын камтыйт.

2.17. Тарыхтын жана маданияттын республикалык маанидеги кыймылсыз эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинин долбоорлору жергиликтүү маанидеги эстеликтердин мамлекеттик тизмелеринин жана табылган обьекттердин тизмелеринин негизинде даярдалат да, алардын ичинен өзгөчө мааниси бар эстеликтер менен обьекттер тандалып, эстеликтерди коргоонун жергиликтүү мамлекеттик органдарынын, илимий мекемелердин, коомдук уюмдар менен адистердин сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2.18. Эл аралык маанидеги кыймылсыз эстеликтердин тизмелеринин долбоорлору республикалык маанидеги эстеликтердин тизмелеринин негизинде даярдалат да, эл аралык нормалардын талаптарына ылайык бекитилет.

2.19. Тарыхтын жана маданияттын кыймылсыз эстеликтеринин мамлекеттик тизмелери улам жаңы табылган эстеликтер менен толукталып турат.

2.20. Эстеликтерди коргоонун жергиликтүү мамлекеттик органдары өз аймактарындагы тарыхтын жана маданияттын кыймылсыз эстеликтеринин бардыгын эсепке алып, эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерди коргоонун жана пайдалануунун эрежелерин сактоону камсыз кылуу чараларын ишке ашырууга милдеттүү. Бул максатта алар өз аймагындагы бардык эстеликтердин жалпы курама тизмелерин түзүп, эсепке алуунун башка түрлөрүн да пайдалана алышат.

2.21. Тарыхтын жана маданияттын кыймылсыз эстеликтерин мамлекеттик тизмеден чыгарууга Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамынын 27-статьясынын негизинде жол берилбейт.

2.22. Уюмдар же айрым адамдар тарабынан документалдык байыркы эстеликтерди, байыркы живопись менен байыркы декоративдик-прикладдык искусство чыгармаларын жыйноого укук тийиштүү илимий, коомдук жана башка уюмдардын сунуштары боюнча маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан берилүүчү атайын уруксатынын негизинде гана берилет.

Аталган маданий баалуулуктарды жыйноого берилген атайын уруксат, ал буюмдарды каерден жыйноого уруксат берилсе, ошол аймактын эстеликтерди коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдарында сөзсүз катталууга тийиш.

Тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалуулугу бар чогултулган буюмдарды жаңы табылган обьекттердин тизмелерине каттоо үчүн ошол баалуулуктарды жыйнаган уюмдар менен граждандар жыйналган маданий баалуулуктар жөнүндөгү бардык маалыматтарды жыйноого уруксат берген эстеликтерди коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органга көрсөтүүгө милдеттүү.

2.23. Эгерде уюмдар же граждандар маданий баалуулуктарды жыйноонун тартибин бузган болсо, анда аларды жыйноого берилген уруксаттын күчү жоголду деп табылат да, чогултулган буюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюлат.

2.24. Менчиктеринде же пайдалануусунда тарыхый жана маданий мурастын обьекттери бар ишканалар, уюмдар, мекемелер же граждандар эстеликтерди эсепке алуу жана аларды коргоо боюнча документтерге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ал менчиктерин ажыратуу же аларды көчүрүү жөнүндө эстеликтерди коргоонун жергиликтүү мамлекеттик органдарына билдирүүгө милдеттүү.

2.25. Комиссиондук, букинисттик жана антиквардык дүкөндөр, ошондой эле сатып алуучу пункттар өздөрүнө түшкөн маданий баалуулуктар жөнүндө аларды сатууга же башкача реализациялоого өткөргөнгө чейин, аларды тарыхый жана маданий эстеликтер катарында мамлекеттик эсепке алуу жана аларды мамлекет тарабынан артыкчылык укуктун тартибинде сатып алуу жөнүндөгү маселени чечүү максатында мамлекеттик тийиштүү органдарга билдирүүгө милдеттүү.

2.26. Тарыхый, илимий, көркөмдүк жана башка маданий баалуулугу бар жаңы табылган тарых жана маданият обьекттери белгиленген тартипте түшүүчү мекемелер менен уюмдар, ал обьекттер түшкөндүгү жөнүндө аларды тарых жана маданият эстеликтери катарында мамлекеттик эсепке алуу маселесин чечүү максатында мамлекеттик тийиштүү органдарга билдирүүгө милдеттүү.

2.27. Тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалуулугу бар тарыхый жана маданий обьекттер граждандар тарабынан табылган болсо жана менчик ээси такталбаса же аларга ээлик кылуу укугунан мыйзам боюнча ажыратылган болсо алар тарых жана маданият эстелиги катарында мамлекеттик эсепке алуу үчүн эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга көрсөтүлөт.

III. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыздандыруу

3.1. Ишканалар, мекемелер, уюмдар жана граждандар өздөрүнүн менчигиндеги, пайдалануусундагы же аларга пайдаланууга берилген жерлерде жайгашкан тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)

3.2. Жаңы табылган обьекттер тарыхый, илимий көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болуп жаңы табылган обьекттердин тизмесине катталган болсо, аларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик эсебине эстелик катары кабыл алуу маселеси чечилгенге чейин, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас обьекттерин коргоо жөнүндө мыйзамында каралган тартипте коргоого алынууга тийиш.

3.3. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттеринин ар бирине эстелик тууралуу кыска маалыматты жана эстелик мамлекет тарабынан корголору жөнүндө жазылган коргоо такталарын орнотушат.

Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас обьекттерине орнотулуучу коргоо такталарынын үлгүлөрү маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан бекитилет.

3.4. Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас обьекттеринин сакталышын камсыздоо максатында курулуш уюмдары райондорду пландаштыруу долбоорлорун, шаарлардын генералдык пландарын, шаарларды жана башка эл жашаган пункттарды реконструкциялоо жана андан ары өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгуу учурунда, тарыхый-маданий мурастарды изилдөө, долбоорлоо жана реставрациялоо боюнча адистештирилген уюмдарды жергиликтүү бюджеттик каражаттарынын эсебинен:

– республиканын, областтардын жана райондордун аймактарындагы тарых, археология, шаардык курулуш жана архитектура, монументалдык искусство эстеликтеринин жайланышынын карта-схемаларын;

– шаарлардын жана башка эл жашаган пункттардын тарыхый-архитектуралык түпкү пландарын иштеп чыгууга тартышат.

Көрсөтүлгөн карта-схемалар жана түпкү пландар, республиканын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.

3.5. Тарых, археология, шаардык курулуш жана архитектура, монументалдык искусство эстеликтерин коргоону камсыз кылуу максатында эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрү: коргоо чөлкөмдөрү, курулуштарды курууну жөнгө салуу чөлкөмдөрү, жаратылыштын же тарыхый-табигый ландшафттардын корголуучу чөлкөмдөрү белгиленип, аларды күтүү жана пайдалануу тартиби эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат. Республикалык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын долбоорлорун эстеликтерди коргоо чөйрөсүндө адистешкен долбоорлоочу уюм түзөт жана маданиятты башкаруучу борбордук мамлекеттик органда бекитилет. Эл аралык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маданиятты башкаруучу борбордук мамлекеттик органдын сунушу боюнча бекитет.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы N 614 токтомунун редакциясына ылайык)

3.6. Эстеликтердин корголуучу зоналарынын долбоорлору тарыхый, археологиялык жана имарат куруунун ар бир эстелигине өзүнчө иштелип чыгат жана бекитилет. Башкы пландарды, деталдуу пландоонун, жолдорду, көпүрөлөрдү салуунун жана калктуу конуштарды куруунун долбоорлорун түзүүдө аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген зоналары киргизилет.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы N 614 токтомунун редакциясына ылайык)

3.7. Эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүндөгү жер участоктору мурунку жер иштетүүчүлөрдүн пайдалануусунда калышы мүмкүн, аларга коргоо чөлкөмү үчүн белгиленген режимди сактоо жоопкерчилиги жүктөлөт.

Кыргыз Республикасынын маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органынын уруксатысыз эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чегинде жер иштетүү, курулуш жана башка өндүрүштүк иштерди, ошондой эле чарбалык аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

Көрсөтүлгөн коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде иштерди жүргүзүүгө уруксат, эстеликтерди коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан, жергиликтүү бийлик органдарынын сунушу боюнча берилиши мүмкүн.

Уруксат берүү учурунда, анын ичинде жерди айыл чарбасынын керегине пайдаланууга да уруксат берүүдө зарыл учурларда эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан эстеликтердин сакталышып камсыздоочу чаралар аныкталып, ал чараларды ишке ашыруу иштерди жүргүзүүгө кызыкчылыгы бар ишкана, мекеме, уюмдарга жана граждандарга жүктөлөт.

3.8. Жергиликтүү бийлик органдары тарыхый-маданий мурас объекттерине жакын же алардын коргоо чөлкөмдөрү аркылуу өткөн жолдордогу транспорт каражаттары, машина жана механизмдердин кыймылдары эстеликтердин сакталышына коркунуч туудурса, алардын кыймылдарын чектөөгө же тыюу салууга укуктуу.

3.9. Тарыхый-маданий мурас обьекттерине кирген табигый жана адамдар тарабынан түзүлгөн ландшафттар, бакчылык жана парк искусствосунун сакталышы, эстеликтерди коргоо боюнча кызыкчылыгы бар тиешелүү органдар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас обьекттерин коргоо боюнча жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарына ылайык камсыздандырылат.

3.10. Өзгөчө тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктарга ээ тарыхый жана маданий эстеликтердин ансамблдери, комплекстери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен тарыхый-маданий корук деп жарыяланышы мүмкүн, аларды коргоо ар бири тууралуу атайын жобонун негизинде ишке ашырылат.

Өзгөчө учурларда аларга “улуттук” деген статус берилиши мүмкүн.

Тарыхый-маданий коруктар эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги коруктар болуп бөлүнүшөт.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы N 614 токтомунун редакциясына ылайык)

3.11. Тарых жана маданият эстеликтеринин комплекстерин же ансамблдерин эл аралык жана республикалык маанидеги тарыхый-маданий корук деп жарыялоо боюнча сунуш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгандай тартипте, маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан киргизилет.

3.12 Тарыхый-маданий коруктун аймагы мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл чарбалык же башка чарбалык пайдалануудан алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте коруктун пайдалануусуна өткөрүлүп берилет.

Тарыхый-маданий коруктарды, коргоону камсыздандыруу максатында коргоо чөлкөмдөрү, курулуштарды курууну жөнгө салуу чөлкөмдөрү, жаратылыштын же тарыхый-табигый ландшафттардын корголуучу чөлкөмдөрү белгиленет. Бул коруктардын коргоо чөлкөмдөрүндө чөлкөмдөрдү белгилөө тартиби, аларды күтүү жана пайдалануу режими, ошондой эле эстеликтердин коргоо чөлкөмдөрү үчүн ушул жободо каралган башка талаптар колдонулат.

3.13. Тарыхый борборлор, аянттар, кварталдар, көчөлөр, эстелик жайлар, байыркы шаарлардын жана башка эл жашаган пункттардын маданий катмарлары, табигый жана адамдар тарабынан түзүлгөн ландшафттар өзгөчө тарыхый, археологиялык, шаардык курулуш жана архитектуралык мааниге ээ болсо, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан республиканын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий корук аймактары (жайлары) деп жарыяланышы мүмкүн.

Корук аймактарын (жайларын) коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген жоболордун негизинде ишке ашырылат.

Корук аймактарда (жайларда) жер иштетүү, курулуш жана башка иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле эстеликтерди коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксатысыз чарба жүргүзүүгө тыюу салынат.

Корук аймактарынын (жайларынын) чектериндеги жер участоктору мурунку жер иштетүүчүлөрдүн пайдалануусунда калтырылышы мүмкүн, алар ушул корук аймак (жай) тууралуу жободо белгиленген режимди сактоого милдеттүү.

Жободо белгиленген корук аймагын (жайын) күтүү жана пайдалануу режиминин сакталышын камсыздоо жергиликтүү бийлик органдарына жана эстеликтерди коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылат.

3.14. Тарых, археология, шаардык курулуш жана архитектура, монументалдык искусство эстеликтери бар шаардык жана эл жашаган пункттардын пландаштыруу, куруу жана реконструкциялоо долбоорлору эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка орган жана уюмдар менен милдеттүү макулдашылышы зарыл.

Көрсөтүлгөн шаар жана башка эл жашаган пункттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бекитилет.

3.15. Тарыхый-маданий мурас обьекттеринин сакталышына курулуш, мелиорация, жол куруу жана башка иштерди жүргүзүү коркунуч туудурушу мүмкүн болсо, ал иштер эстеликтердин сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөндөн кийин гана, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен жүргүзүлөт.

Көрсөтүлгөн чаралар курулуш, мелиорация, жол куруу жана башка иштердин долбоордук-сметалык документтерине киргизилет.

3.16. Ишкана, мекеме, уюмдар иштөө учурунда тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ археологиялык же башка объекттерди таап алышса, табылга тууралуу эстеликтерди коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө жана ишти токтотууга милдеттүү.

Эстеликтерди коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик орган табылган обьектти изилдөөнү, тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулугун аныктоону камсыз кылат, ошондой эле бул обьектти сактоо боюнча чараларды белгилейт.

3.17. Эгерде эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан курулуш, мелиорация, жол куруу жана башка иштерди токтотууга чечим кабыл алынса, иштерди токтотуу тууралуу эскертүү эстеликтердин сакталышын камсыздандыруучу чараларды, ал эми эстеликтерди коргоо эрежелери бузулган учурда, бузулган эрежелерди четтетүү боюнча талаптарды көрсөтүү менен жазуу түрүндө берилет. Иштердин токтотулганы тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына, жүргүзүлүп жаткан иштерди каржылаган банк мекемелерине, ошондой эле эстеликти коргоо боюнча жогорку органдарга кабар берилет.

3.18. Эстеликти коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан токтотулган иштер, эстеликтин бузулуусуна алып келүүчү коркунуч же коргоо эрежесинин бузулушу четтетилгенден кийин гана, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын жазуу түрүндөгү уруксаты менен кайрадан башталышы мүмкүн.

3.19. Эстеликтердин же жаңы табылган обьекттердин сакталышын камсыздоочу, ушул Жобонун: 3.15, 3.16, 3.17 пункттарында каралган чараларды каржылоо жана аларды аткаруу жоопкерчилиги курулуш, мелиорация, жол куруу жана башка иштерди жүргүзүүчү ишкана, мекеме уюмдарга жүктөлөт.

3.20. Кыймылсыз тарыхый жана маданий эстеликтерди бузууга, жылдырууга, кайра курууга, өзгөртүүгө тыюу салынат. Бул эрежеден четтөөгө, эл аралык маанидеги эстеликтер үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтер үчүн маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органынын ар бир эстелик үчүн өзгөчө чечимдери менен гана жол берилет.

3.21. Кыймылсыз тарыхый жана маданий эстеликтерди бузууга, жылдырууга, кайра курууга, өзгөртүүгө өтүнүч менен чыккан уюм, бул маселе боюнча эстеликтин категориясына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн же маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органынан корутунду алууга милдеттүү.

3.22. Кыймылсыз тарыхый жана маданий эстеликтерди жылдырууга, өзгөртүүгө уруксаты бар ишкана, мекеме уюмдар тарабынан ал иштер эстеликтердин сакталышын камсыздоочу иш-чаралар аткарылгандан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул иш-чаралардын тизмеси эстеликтерди коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет.

Кыймылсыз тарых жана маданият эстелигин бузууга эстеликти коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан изилденип, фиксациялангандан кийин гана жол берилиши мүмкүн.

Көрсөтүлгөн иштерди аткарууга байланыштуу чыгымдар эстеликти бузууга, өзгөртүүгө же жылдырууга уруксат алган ишкана, мекеме, уюмдар тарабынан төлөнөт.

3.23. Тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө боюнча адистештирилген иштерди аткарууга, маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан эстеликти изилдөөгө уруксат болгондо гана жол берилет.

3.24. Археология, анын ичинде суу астындагы эстеликтерин чалгындоого, казууга жана башка изилдөө жүргүзүүгө атайын уруксат – Ачык баракча болгондо гана жол берилет. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Талаачылык Комитети тарабынан берилет жана эстеликти коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан катталат.

Ачык баракчалар аны берген органга изилдөө мөөнөтү бүткөндө обьектте жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчет менен бирге кайтарылат. Ошондой эле жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга отчет тапшырылат.

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык курулуш, жол жумуштарынын бардык түрлөрүн же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү, суу басып калууга же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү плотиналарды курууну жүргүзүүчү уюмдар инженердик-изилдөө иштеринин стадиясында ажыратылган аймакта тарыхый жана маданий эстеликтердин болушун же жок экендигин аныктаган археологиялык текшерүү жөнүндө корутунду алууга милдеттүү.

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык белгиленген тартипте археологиялык текшерүү жөнүндө корутунду курулуш уюмдарынын же жердин менчик ээлеринин эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы же башка илимий-изилдөө уюмдары тарабынан аткарылат.

Бул жумуштардын жүрүшүндө тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышына коркунуч пайда болсо же болбосо аларды коргоо эрежелери бузулган учурда чарбалык жумуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте токтотулушу же болбосо тыюу салынышы мүмкүн.

Андан аркы сактоону жана пайдаланууну талап кылган объекттерде археологиялык казуу жүргүзүү үчүн ачылган барактар археологиялык изилдөө бүткөндөн кийин коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү: эл аралык стандарттарга ылайык консервациялоо, реставрациялоо жана музейге айландыруу үчүн финансылык гарантиялар болгондо гана катталат. Археологиялык жумуштарды, анын ичинде суу астындагыларын уруксатсыз жүргүзүү мыйзамсыз деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланат.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы N 614, 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомдоурун редакцияларына ылайык)

3.25. Тарых, шаардык курулуш жана архитектура, монументалдык искусство эстеликтеринде же алардын коргоо чөлкөмдөрүндө археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн, изилдөөчүлөрдө Ачык баракча менен катар, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксаты болгондо гана жол берилет.

3.26. Мамлекеттик музейлер, китепканалар жана архивдер тарых жана маданият эстеликтери болуп эсептелген буюм, документтер жана алардын коллекцияларын же чогултулган жыйнактарын ээлеринин каалоосу боюнча сактоо үчүн кабыл алышат, алардын сакталышын камсыз кылышат жана ээлерине пайдалануу үчүн каалаган учурунда беришет. Сактоо үчүн берилген эстеликтерди ээлеринин уруксатысыз пайдаланууга тыюу салынат.

3.27. Тарых жана маданият эстеликтерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынат. Маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбордук органы тарабынан белгиленген тартипте, ар бир эстелик үчүн атайын уруксат берилгенде гана аларды республиканын чегинен тышкары алып чыгууга жол берилет.

3.28. Эл аралык маданий байланышты өнүктүрүү максатында маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан ар бир жолу өзүнчө белгиленген эреже, шарттарды сактоо менен тарых жана маданият эстеликтерин республиканын чегинен убактылуу алып чыгууга уруксат берилет.

3.29. Башка мамлекеттердин же жактардын менчиги болуп, маданий тажрыйба алмашуу максатында Кыргыз Республикасына алынып келинген тарых жана маданият эстеликтери мамлекет тарабынан корголот.

Маданий тажрыйба алмашуу максатында Кыргыз Республикасына алынып келинген тарых жана маданият эстеликтерин коргоого мамлекеттик кепилдик тиешелүү келишимдерге ылайык ар бир жолу өзүнчө берилет.

  1. Тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалануу

4.1. Тарыхый-маданий мурас обьекттери илимди, билимди, маданиятты өнүктүрүү, патриоттук, адеп-ахлактык, интернационалдык жана эстетикалык тарбия берүү максаттары үчүн пайдаланылат.

Тарыхый-маданий мурас объекттерин көрсөтүлгөн максаттарга пайдалануу музей, китепкана, көргөзмө, тарыхый-маданий коруктар тармактары, экскурсияны, туризмди өнүктүрүү жана эстеликтерди пропагандалоонун башка формалары аркылуу камсыздандырылат.

4.2. Тарыхый-маданий мурас объекттерин туристтик-экскурсиялык, экспозициялык жана башка маданий-агартуу максаттарына пайдалануу эстеликтердин, алардын аймактарынын, аларды курчап турган шаардык курулуш, же жаратылыш чөйрөсүнүн сакталышын камсыз кылган учурда гана ишке ашырылышы мүмкүн.

Кыймылсыз тарыхый жана маданий эстеликтер (имараттар, курулуштар) илимий, агартуу, маданий, тарбиялык максаттардан бөлөк, эгерде эстеликтин сакталышына зыян келтирбесе, алардын тарыхый, көркөмдүк баалуулугун бузбаса, чарбалык же башка максаттарда да пайдаланылышы мүмкүн.

4.3. Мамлекеттин менчигиндеги жана чарбалык же башка практикалык максаттарда пайдаланылышы мүмкүн болгон (үй катары пайдалануудан бөлөк) кыймылсыз тарых жана маданият эстеликтери имараттар, курулуштар, белгиленген тартипте эстеликтерди коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын балансына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана граждандарга пайдаланууга берүү үчүн өткөрүлүп берилет.

4.4. Тарых жана маданият эстеликтерин пайдалануунун тартиби жана шарттары эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет жана ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана граждандардын пайдалануусундагы же менчигиндеги ар бир эстелик үчүн тиешелүү коргоо документтери: коргоо-ижаралоо келишими, коргоо келишими, коргоо милдеттенмеси менен аныкталат.

Коргоо документтеринде эстеликтерди жана алар менен байланыштуу маданий баалуулуктарга ээ курулуштарды, буюмдарды реставрациялоо, консервациялоо, ремонттоо убактылары жана тартиптери, аймактарды, бактарды, парктарды, табигый ландшафттардын аймактарын көрктөндүрүү, эстеликтерди коргоо боюнча талаптагыдай коргоону уюштуруу жана башка шарттар каралат.

Эстеликтерди пайдалануу боюнча коргоо документтеринде белгиленген тартипти жана шарттарды аткаруу жоопкерчилиги эстеликти менчиктеген же пайдаланган ишкана, мекеме, уюмдардын жетекчилерине жана граждандарга жүктөлөт.

Коргоо документтеринин формалары маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан аныкталат.

4.5. Коргоо-ижаралоо келишими кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттери чарбалык максатка пайдалануу үчүн берилген ишкана, мекеме, уюм жана граждандар менен ошол эстеликтер балансында турган эстеликтерди коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын ортосунда түзүлөт.

Коргоо-ижаралоо келишиминин негизинде эстеликтерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы алынат.

Кыймылсыз эстеликтерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4.6. Коргоо келишими тарыхый-маданий мурас объекти балансында турган эстеликти коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик орган менен ошол эстеликти диний зыяраттарды өткөрүү үчүн пайдаланууга алган диний коомчулуктардын ортосунда түзүлөт. Диний зыярат өткөргөндүгү үчүн диний багыттагы эстеликтерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы алынбайт. Диний коомчулук тарабынан диний эстеликтер, алардын өзүнчө бөлмөлөрү, аларга байланыштуу аймактар, курулуштар чарбалык же бөлөк максатта пайдаланылса коргоо-ижаралоо келишими жалпы негизде түзүлөт.

4.7. Эстеликтерди коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органга коргоо милдеттенмесин төмөнкүлөр беришет:

– тарыхый-маданий мурас обьекттерин илимий, маданий-агартуу, туристтик жана башка максаттарга пайдалануучу мамлекеттик, кооперативдик же башка коомдук ишканалар, ишканалар, уюмдар жана жактар;

– жергиликтүү бийлик органдарынын кыймылсыз эстеликтерди үй катары пайдалануучу (керектөө мүнөзүнө жараша) үй башкармалары (бөлүмдөрү);

– кыймылсыз эстеликтер менчигинде турган коомдук уюмдар жана граждандар;

– коргоо – ижаралык жана коргоо макулдашууларынын негизинде пайдаланчу эстеликтерден башка, пайдаланууга берилген жерлеринде кыймылсыз эстеликтер жайгашкан ишкана, мекеме, уюмдар жана граждандар;

– кыймылсыз эстеликтер пайдалануусунда же менчигинде турган ишкана, мекеме, уюм жана граждандар.

4.8. Тарых жана маданият эстеликтери пайдаланууга берилген ишкана, мекеме, уюмдар коргоо-ижаралоо келишимдеринин, коргоо-келишимдеринин жана коргоо милдеттенмелеринин шарттарын аткарбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айып (неустойка) төлөшөт.

4.9. Тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча коргоо-ижаралоо, коргоо келишимдеринде жана коргоо милдеттенмесинде каралган иш-чаралар эстеликтерди менчиктегендердин же пайдалангандардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

4.10. Ишкана, мекеме, уюм жана граждандардын пайдалануусуна берилбеген жана алардын менчиги болбогон тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыздоочу иш-чаралар эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдардын атайын каражаттарынын, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомдору, алардын уставына ылайык бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

4.11. Ишкана, мекеме, уюм жана граждандардын менчигиндеги кыймылдуу тарыхый жана маданий эстеликтер эстеликтин ээсинин уруксаты менен илимий, көркөм-агартуу жана башка максаттарга пайдаланылышы мүмкүн.

Эстеликтерди көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланган ишкана, мекеме, уюм жана граждандарга эстеликтердин сакталышы үчүн керек болгон жана эстелик ээсинин уруксаты болгон учурда аларды реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо иштерин жүргүзүү жоопкерчиликтери жүктөлөт.

4.12. Мүнөзүнө жана арналышына ылайык эмес пайдалануудан жок болуу же бузулуу коркунучуна дуушар болгон кыймылсыз эстеликтер Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамынын 17-статьясында каралган тартипте ишкана, мекеме уюмдардан алып коюлушу мүмкүн.

4.13. Ишкана, мекеме, уюмдардын менчигиндеги же пайдалануусундагы кыймылдуу тарыхый жана маданий эстеликтер Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамынын 17-статьясында аныкталган тартипте алып коюлушу мүмкүн.

4.14. Эгерде граждандар өздөрүнө таандык тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышын камсыз кылбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды менчик укугунан мажбурлап ажыратууга жол берилет.

  1. Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо

5.1. Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдардын уруксаты менен гана жана алардын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт.

5.2. Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас обьекттерин реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо эрежелери маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан белгиленет.

5.3. Кыймылсыз маданий мурас объекттерин реставрациялоого, консервациялоого жана ремонттоого уруксат маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан берилет.

Уруксат, тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоо жана консервациялоо боюнча адистештирилген долбоорлоо уюму тарабынан иштелип чыккан долбоор – смета документтерин эстеликти коргоо боюнча мамлекеттик орган карап жана бекиткенден кийин берилет.

Шаарлардын жана башка эл жашаган пункттардын тарыхый түрдө түзүлгөн аймактарын реконструкциялоо, эстеликтердин аймактарын жана коргоо чөлкөмдөрүн, алар менен байланышкан аймактарды, бактарды, парктарды, табигый ландшафттарды жана башка эстеликтерди сактоо жана аларды пайдаланууга ылайыкташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат да ушундай эле тартипте берилет.

5.4. Кыймылсыз тарыхый жана маданий эстеликтерди реставрациялоо, консервациялоо, ремонттоого байланыштуу бардык иштер реставрация боюнча атайын адистештирилген уюмдар тарабынан, илимий долбоорлоо документтери эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин, иштердин мындай түрлөрүнө лицензиялары жана сертификаттары болгондо аткарылат.

5.5. Кыймылдуу тарыхый-маданий объекттерди реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

5.6. Тарыхый-маданият мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо боюнча белгиленген эрежелер бузулган учурда, ал иштер, кетирилген кемчиликтер четтетилгенге чейин эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан токтотулушу мүмкүн.

5.7. Тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо эстеликтерди пайдалануучулардын же менчиктегендердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Мамлекеттин менчигиндеги, ишкана, мекеме уюмдарга пайдаланууга берилбеген эстеликтерди реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо ушул Жобонун 4.10. пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

  1. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

6.1. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо эрежелеринин аткарылышына, эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүндөгү режимдердин бузулушуна, ошондой эле эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча башка мыйзамдарды бузууга күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыштык, администрациялык жана башка жоопкерчиликке тартылат.

6.2. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо жана пайдалануу эрежелеринин бузулушуна күнөөлүүлөргө, эгерде алардын аракеттери мүнөзү боюнча кылмыштык жоопкерчиликке кириптер кылбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жазалоо катары эскертүү же айып салуу чаралары колдонулушу мүмкүн.

6.3. Тарыхый-маданий мурас объекттерине жана анын коргоо чөлкөмүнө зыян келтирген ишкана, мекеме, уюм, граждандар эстеликти же анын коргоо чөлкөмүн мурунку абалына келтирүүгө, ал эми мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгымдарды төлөөгө милдеттүү.

Тарыхый-маданий мурас объектисине келтирилген зыянды аныктоо үчүн материалдарды маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү комиссиялар даярдайт.

Зыяндардын ордун толтурууга байланыштуу ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын чыгым тартышына күнөөлүү болгон кызмат адамдары жана башка кызматкерлер белгиленген тартипте материалдык жоопкерчиликке тартылат.

6.4. Тарыхый-маданий мурас объекттерин же алардын коргоо чөлкөмдөрүн калыбына келтирүү тартиби жана шарттары эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан эстеликтерди реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо боюнча белгиленген эрежелердин сакталышын эсепке алуу менен аныкталат.

6.5. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан калыбына келтирүү өзгөчө учурларда – тарыхый, илимий, көркөм, шаар куруу же башка коомдук өзгөчө баалуулук болгондо реставрациялык методдор менен жүзөгө ашырылат. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим кызыкдар адамдардын жана уюмдардын пикирлерин эске алуу менен тарыхый-маданий экспертизанын корутундусунун негизинде, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомурун редакциясына ылайык)