Image default
Жанылыктар

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун “Ак мөөр” тарыхый драмасы көрүүчүлөргө тартууланууда

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун “Ак мөөр” тарыхый драмасы көрүүчүлөргө тартууланууда.
Кечээ, 4- октябрда Кыргыз Республикасынын эл акыны драматург Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине карата “Ак мөөр” тарыхый драмасы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында көрүүчүлөргө тартууланды. Спектаклге Жалил Садыковдун жубайы Сабира Чыпаева, уулу Канат Садыков жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышышты.
Аталган спектаклди “Учур” жаштар театры өзүнүн 22- театралдык сезонун Кыргыз Республикасынын эл акыны, драматург Жалил Садыковдун “Ак Мөөр” драмасы менен Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук Кыргыз драма театрында 4- октябрь күнү кечки саат 18:00 дө ачты. Койгон режиссёру Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков.
Белгилүү болгондой, 23- октябрь Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо акын быйыл 90 жашка толмок.
Акындын 90 жылдыгына карата жакынкы күндөрдө Кыргыз драма театрында акындын калемине таандык драмалардан жаралган спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланаары күтүлүүдө.
Жалил Садыков «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек »(1987), «Айкөл Манас» (1990) үчилтигин, «Эр Төштүк», «Ак Мөөр», «Жукеев-Пудовкин», «Терең кечүү» сыяктуу бир топ драмаларды жараткан. Бир нече чет элдик акындардын ырларын которгон.
Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири жана анын ырлары обонго салынып ырдалып жүрөт. 2010-жылы 78 жашында дүйнөдөн кайткан.