More

    XI Эл аралык музыка жана бий конгресси Кыргызстанда биринчи жолу өтөт

    2022-жылдын 20-апрелинен 25-апрелине “Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыка күнүн белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык, 25-апрель салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган Жумалык өтөт.

    Жумалыктын максаты – ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат. Салттуу музыка күнү быйыл 18-ирет белгиленүүдө. Быйылкы салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган Жумалыктын өзгөчөлүгү анын программасына буга чейин башка түрк тилдүү өлкөлөрдө өткөрүлүп келген Музыка жана бий конгрессинин камтылышы.

    Жумалыктын программасы министрлик тарабынан бекитилди жана ал программага маанилүү иш-чаралар камтылды. 20-апрель күнү Жумалык «Улут наркы» көргөзмө-жарманкеси менен башталып, 25-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында чоң Гала-концерт менен жыйынтыкталат.

    Жумалык эл аралык масштабда өтүп Түркия, Азербайжан, Россия Федерациясынын Тува, Хакасия, Алтай Республикаларынан, Казахстан, Өзбекстандан жалпы 45тен ашык илимпоздор жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр адамдары келүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары Италия, Улуу Британия, Германия, Венгрия ж.б. илимпоздору конференцияларга онлайн режиминде катышат.Жумалыктын ишинин жыйынтыгында резолюциялар кабыл алынып, материалдардын жыйнагы чыгарылат.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ