Uncategorized|Жанылыктар

Ырдын пири – Рыспай

Бүгүн, 12- декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында обончу аткаруучу, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата уюштурулган “Ырдын пири- Рыспай” аталышындагы иш- чара болуп өттү.

Иш- чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана Рыспай Абдыкадыров атындагы клубу менен биргеликте уюштурулган.

Концерттин жүрүшүндө өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген өнөр адамдары Рыспай Абдыкадыровдун ырларын чоң сахнада аткарышты.