Image default
Жанылыктар

Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн кароо сынак жарыяланат

Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн кароо сынак жарыяланат.
Кароо-сынак 2022-жылдын 15-16 октябрь күндөрү Замирбек Үсөнбаевдин автордук же иштеп чыккан жана ошондой эле, анын репертуарындагы чыгармаларды (конкурста аткарууга боло турган жалпы чыгармалардын тизмеси агайдын өзү менен макулдашып жобого тиркелет) аткаруучулар арасында өтөт.
Сынактын максаты залкар акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү менен автордук жана өзүнүн аткаруусунда бизге жеткен баалуу чыгармаларынын керемет үлгүлөрүн түбөлүк сактоо болуп саналат. Эң негизги максат Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолун жолдогон салттык өнөрдүн алып жүрүүчүлөрүн, тактап айтканда салттуу өнөрдөгү залкарлардын чыгармаларын комуздун коштоосунда чебер аткара алган мыкты аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу болуп саналат.
СЫНАКТЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ:
Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган баардык өнөрпоздор жана маданий- музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.
Сынак Замирбек Үсөнбаевдин аткаруусунда кездешкен же автордук ар кайсы жанрдагы (обондуу ырлар, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлар, терме, санат, жоктоолор, залкарлардын айтыштары, эскерүүлөр, дастандар кайрылуу ж.б.) чыгармаларын аткаруучулар арасында өтөт.
Сынакта элдик же залкар инсандарга таандык айрым чыгармалардын обонун Замирбек Үсөнбаев иштеп чыккан болсо же аткарып чыгармага жаңы өмүр берип эл алдына алып чыккан болсо, Үсөнбаевдин ошол чыгармага кошкон салымын эске алып, ошондой чыгармаларды да конкурста аткарылчу чыгармалардын катарына киргизилди. (чыгармалардын тизмеси жобого тиркелген).
Мындан тышкары кароо-сынакка катышуучулар үчүн баардык чыгармаларынын бириктирилген аудио альбому түзүлүп, атайын JANAT KANAT UULU ютуб каналга жүктөлдү.( шилтеме – https://youtu.be/5OOpBs-Weis) байланыш телефондор аркылуу аталган аудио топтомдун шилтемесин уюштуруу тобунан да алсаныздар болот.
1.Олжобай менен Кишимжан
2.Кожожаш
3.Гөзал кыз
4.Кызыл туу кыргыз кыздары
5.Жыргалын кулкун эл менен
6.Акбаары
7.Кырк серке жайлоосундагы айтыш
8.Чонду акын”Кези кези келгенде”
9.Эненин арманы 6 уулунан айрылганы
10.Комузчуларга
11.Көк сулуу
12.Алымкулдун 1-жолугушуусу Токтогулга
13.Алымкул менен Сулаймандын айтышы
14.Кош Алымкул” Ысмайыл
15.Каражаак Калмырзанын Шабданга ырдаганы
16. Осмонкул менен Калыктын учурашканы
17. Өзүң бил
18. Кыргыз көчү
19. Карылык
20. Саякбайга арноо
21. Бууракандын белиндеги айтыш
22. Нан жөнүндө терме?
23. Токтогул менен Эшманбеттин айтышы (күрөш тууралу)
24. Арноо
25.Ашык элем
26.Жениш үнү
27. Кечирип кой
ТАНДОО ТУР
Тандоо турга катышкан аткаруучулар Замирбек Үсөнбаевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган көлөмдүү ( куплеттик формадага чакан обондуу ыр эмес) чыгармадан бирди комуз аспабынын коштоосунда аткарууга тийиш. Калыстар атайын жободо көрсөтүлгөн балоо талаптардын негизинде карап, тандоо айлампасынан өткөн катышуучуларды аныктап, кийинки айлампага 16 (он алты) аткаруучуга жолдомо беришет.
2-ТУР
Экинчи айлампага жолдомо алган аткаруучулар, тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган (тандоо турунда аткарган чыгарманы кайра аткарууга болбойт.) эки чыгарма аткарууга тийиш. Ал эки чыгарманын бирөөсү обондуу (куплеттик формадагы чакан обондуу лирикалык ырлары) ырларынан болсо, экинчиси сөзсүз көлүмдүү чыгарма (Мисалга: Терме, санат-насыят чыгармалары, казалдар, залкарлардын айтыштары, дастан, кайрылуу, арноо же жоктоо ырлары болушу мүмкүн) же экөөсү тен көлөмдүү чыгармадан болуусу шарт. Эгерде ушул экинчи айлампада талапка ылайык көлөмдүү чыгармасын комуз аспабынын коштоосунда Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолун улап аткара албаса финалдык турга өтүү мүкүнчүлүгү жок. Жогоруда экинчи айлампада жарышка түшкөн он алты аткаруучудан тандалып алынган алты аткаруучу финалда байгелүү орундар үчүн жарышууга жолдомо алат.
ФИНАЛДЫК ТУР
Тандалган аткаруучулар байгелүү орундар үчүн Замирбек Үсөнбаевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган бир чыгарманы комуздун коштоосунда аткаруусу зарыл. Финалдык турда мурда алган упайлар эсепке алынбайт жана мурунку турда аткарган чыгармаларын кайрадан аткарууга болбойт. Финалда чыгарманы эң жогорку денгээлде аткарып, келечекте салттуу өнөрдүн үлгүлүү улантуучусу катары чыгарманын салтуулугун бузбастан эң мыкты аткарган потенциялы күчтүү, баардык талаптарга жооп берген аткаруучулар алган упайларына жараша байгелүү орундарды ээлешет.
– Баалоонун негизги талаптары:
– Чыгарманын нукуралуулугу
– Аткаруучулук чеберчилиги;
– Музыкалык көркөм каражаттардын кесипкөйлүк денгээлинде колдонулушу (дем алуу, дикция, аспап менен үндү туура коштой билиши, үнүн өзгөчөлүгү, ж.б.);
– Сахна маданияты ( форма, кирип чыгуу ж.б.)
Байге фонду 1 000 000 сом (бир млн сом)
Уюштуруучу тобу:
– Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги
– Кыргыз Улуттук “Манас” театры
– “Дастанчы” коомдук фонду:
Уюштуруучулар:
• Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги
• Кыргыз Улуттук “Манас” театры.
Уюштуруу иштерине Кыргыз республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы көмөк көрсөтөт.
Калыстар тобунун курамына композиторлор, тилчилер, салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрү жана Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын терең билген кесипкөй адамдар кирет.
Байланыш номурлар:
+996 702007384
+996 703700797