Image default
Жанылыктар

Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кароо сынагы өтүүдө

Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кароо сынагы өтүүдө.
Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн кароо сынактын алгачкы туру Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын концерттик залында башталды.
Иш-чарага Кыргыз эл акыны Замирбек Үсөнбаев жубайы Саадат Үсөнбаева менен, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошев, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, ошондой эле калыстар тобунун мүчөлөрү, манасчылар, төкмө акындар, ж.б. чыгармачыл инсандар катышты.
Калыстар тобунун курамы кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандарынан түзүлгөн.
Калыстар тобунун төрагасы
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков, калыстар тобунун орун басары Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүрканов, мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Эл акыны белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктын ээси Кенже Кубатова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистти Өмүрзак Кайыпов, калыстар тобунун жоопту катчысы Коомдук телерадио берүү корпорациясынын журналистти Жаныбек Эсеналиевдер болууда.
Эске салсак, тандоо турдун финалдык жыйынтыгы эртең 16-октябрда Коомдук телерадио берүү корпорациясынын концерттик залында саат 10:00 дө башталат.
Иш-чаранын максаты залкар акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү менен автордук жана өзүнүн аткаруусунда бизге жеткен баалуу чыгармаларынын керемет үлгүлөрүн түбөлүк сактоо болуп саналат.