Image default
Жанылыктар

Жалал-Абад шаардык тарыхый край-таануу музейинде «Көөнө буюмдардын жаӊыча мааниси» аттуу көргөзмө болуп өттү

Жалал-Абад шаардык тарыхый край-таануу музейинде «Көөнө буюмдардын жаӊыча мааниси» аттуу көргөзмө болуп өттү.
Аталган көргөзмөгө өз убагында шаар тургундары үчүн баалуу жана маанилүү болгон жөнөкөй тиричилик буюмдарынан тартып, тарыхый буюмдарга айланып калган жайма базардан сатылып алынган буюмдар коюлду.
Белгилей кетсек, иш- чара Борбордук Азия Университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү жарыялаган «Музей контентин жергиликтүү коомчулук менен бирге түзүү» аттуу конкурстун алкагында ишке ашырылды.
Жалал-Абад шаары тарыхый жактан аймактын негизги «темир жол дарбазасы» болуп саналат. Бир кездерде Жалал-Абаддан Ташкентке, Москвага жана СССРдин башка шаарларына поезддер түз каттап турган. Жалал-Абад-Фрунзе темир жол рейси Ташкент аркылуу өтүп тынымсыз жүрүп турган.
Белгилүү болгондой, Жалал-Абаддын темир жолунда дем алыш күндөрү дайыма жайма базар ачылат, анда тиричиликке керектүү буюмдардын баары сатылат. Базардан өлкөнүн акыркы жүз жылдык тарыхын аз-аздан майдалап чогултса болот же көӊүлүӊүздү өткөн тарыхка кайтара турган кооздукка туш болушуңуз мүмкүн.
Жайма базардагы ар бир буюм өзгөчө жана өзүнүн таржымалы бар. Ар бир буюмда ошол доордун изи сакталган жана шаардын тарыхын, шаардагы жашоо ыргагын тизмектеп көрсөтөт.
«Жайма базар музей» долбоору жайма базарда табылган өткөн кылымдын ортолоруна таандык көөнө буюмдарды жаңыча алып чыгуу менен музей фондусун толуктоого өбөлгө болмокчу.
Тарыхый аймак-таануу музейи 1972-жылы уюшулуп, Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Жалпы 199 чарчы метр аянтты ээлейт жана 9 залдан турат. Музей аймактын маданияты жана турмушун чагылдырып көрсөтөт жана жергиликтүү кол өнөрчүлүктүн өнүгүү тарыхы экспозициянын маанилүү бөлүгүн ээлейт
Возможно, это изображение 7 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении